Дамирбек Асылбек уулуна соттун өкүмү чыккандан кийин мушташ чыкты

© Sputnik / Тимур БатыршинЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асылбек Дамирбек уулу сот залында. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асылбек Дамирбек уулу сот залында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун өкүмү окулуп жатканда соттолуучулар бири-бири менен мушташа кеткен.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарынын аймактар аралык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратты. Экс-парламентарий менен кошо 11 адам айыпталып, күнөөлүү деп табылды.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, сот өкүмдү окуп бүтө электе эле соттолуучунун туугандары "Позор!" деп кыйкырышкан. Ошондой эле ордуларынан туруп сотту көздөй жутунушкан. Ал эми соттолуучулар өз ара мушташа кетишкен.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунан видео - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунан видео
Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0