Жээнбеков Кытайга сапар алды. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

Жазылуу
Визиттин алкагында Жээнбеков жогорку кызмат адамдарынан сырткары бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Пекинге жумушчу сапары менен учуп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана "Дүйнөлүк бак өстүрүү — 2019" көргөзмөсүнө катышмакчы.

Визиттин алкагында Жээнбековдун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушары айтылды.

Официальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию - Sputnik Кыргызстан
1 миллиард долларлык келишимдер. Жээнбеков Германияга иш сапары тууралуу айтты
Президент, андан сырткары, эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрүп, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге "Достук оазиси" гүлбакчасына дарак отургузат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы алты кишиден турары айтылды.

Алар: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, КРдин Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жана транспорт, жолдор министри Жанат Бейшенов.

Жаңылыктар түрмөгү
0