Өкмөттүн ишине бир депутаттын ичи чыкпай калды. Ал ким?

Жазылуу
Депутаттар өкмөттүн отчетун эки күн карашты.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жылы жасаган ишин канааттандырарлык деп тапты.

Депутаттардын 101и "макул" болсо, 1 депутат "каршы" деп добуш берди. Ал Исхак Масалиев экени маалым болду. Эл өкүлү жыйын учурунда кесиптештерин өкмөттүн отчетуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берүүгө чакырып, өзүнүн суроолоруна жооп ала албаганын белгилеген. 

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын бири дагы добуш берген жок, таблодогу маалымат боюнча алар добуш берүү учурунда жыйынга катышкан эмес. 

Белгилей кетсек, премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылы жасаган иштери боюнча парламентте отчет берди. Депутаттар өкмөттүн отчетун эки күн карашты.

Добуш берүү алдында ар бир фракция лидерлерине сөз берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0