Өкмөт ишкерлердин жасаганын өзүнө ыйгарып алдыбы? Отчетуна саресеп

© пресс-служба правительства/ Алишер АлиевРассмотрение отчета деятельности Правительства за 2018 год
Рассмотрение отчета деятельности Правительства за 2018 год - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылы жасаган иштери боюнча Жогорку Кеңеште эки күн — 24-25-апрелде отчет берди. Анын отчетун бир катар депутаттар колдосо, айрымдары сынга алды.

Абылгазиев өз отчетунда Кыргызстан былтыр бир нече жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, айрым тармактарда артыкчылык көрсөтүп алдыга кеткенин айтып, эл өкүлдөрүн ишендирүүгө аракет кылды.

Мындан кийин сөгүнбөйт. Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео
Атап айтсак, "Бизнести жүргүзүү" индекси боюнча Кыргызстан 190 мамлекеттин ичинен 70-орунга чыгып, жети позицияга жакшырган. Коррупцияны кабылдоо индексинде 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга чыгып, үч позицияга көтөрүлгөн.

Маанилүү индекстердин бири болгон Экономикалык эркиндик индексинде 180 өлкөнүн ичинен 79-орунду камсыздаган. Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинде Кыргызстандын абалы өткөн жылга караганда беш позицияга жакшырды. Өкмөт башчы бул индекс Кыргызстандын экономикасынын макроэкономикалык туруктуулугун жана өкмөттүн 2018-жылдагы ишин баалоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналарын баса белгиледи.

Бирок депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн бул берген отчету реалдуулуктан бир кыйла эле алыс экенин жана азыркы өкмөт ага чейин иштеп кеткендердин эмгегин "биз жасадык" деп өздөрүнө ыйгарып алганын айтты. Андан сырткары, депутат эл аралык рейтингдердин жыйынтыгы азыркылардын эмес, мурдагы өкмөттүн аракеттери болгонун белгиледи.

Өз кезегинде Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык рейтингдерди алар чыгарбай турганын, аны атайын эл аралык институттар чыгарарына токтолду.

© Фото / пресс-служба ЖКПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Өкмөт ишкерлердин жасаганын өзүнө ыйгарып алдыбы? Отчетуна саресеп - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

"Бүткүл дүйнөлүк банк макроэкономикалык жана башка экономикалык көрсөткүчтөрдү алып, өздөрүнүн баалоо методикалары аркылуу чыгарат. Биз өзүбүз чыгарып, өзүбүзгө баа койгон жокпуз", — деди ал.

Өкмөт башчынын ишендиришинче, алар 2017-жылга салыштырмалуу былтыр бюджеттин көрсөткүчүн бир кыйла жакшыртышкан.

"2017-жыл менен 2018-жылдын бюджетин салыштырып көрүңүз, башка жактан жардам албай, мүлктү сатпай 13 миллиард сом өзүбүздүн экономиканын эсебинен толтурулду. Буга чейин мынчалык топтолгон эмес. 2017-жылдын бюджетинде 14 миллиард сом "разовый платеж" менен келген. Эгер аны 2017-жылдын бюджетинен алып салсак, 121 миллиард гана сом калат. Ал эми биздики 135 миллиард сом болду. Башкача айтканда, биз 13 миллиард сомду өзүбүздүн аракет менен топтоп ишке ашырдык", — деди Абылгазиев.

Депутат Жээнчороев премьердин бул берген жообуна канааттанбай, 2018-жылдагы экономикалык жылыштар 2017-жылы кабыл алынган мыйзамдардын аркасы менен жетишилгенине токтолду.

Эл өкүлүнүн: "Сиздердин курам 2018-жылы 20-апрелде дайындалган. Андыктан силердин рейтингдерди жакшыртууга салымыңар барбы?" - деген суроосуна өкмөт башчы: "Өкмөттүн ишине жалпысынан баа берилип, жыйынтык чыгарылып жатат",- деп жооп берди.

Азыркы өкмөттү мажирөө деп баалагандардын арасында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары да бар. Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн очетуна эмне үчүн баа бербегенин мындайча түшүндүрдү.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов
Өкмөт ишкерлердин жасаганын өзүнө ыйгарып алдыбы? Отчетуна саресеп - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов

"Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко фракциянын пикирин айтты. Тагыраагы, биздин фракция терс баа берди. Ток этер жерин айта турган болсок, отчетте Казакстан, Кытай менен мамилебиз жакшырды деп жазылып турат. Эми ушул өкмөттүн айта турган сөзүбү? Биз казактар менен миңдеген жылдардан бери эле эки бир туугандай мамиледебиз. Бул өкмөттүн эрдиги эмес да, ошону "биз жасадык" деп жазып алышыптыр. Жыйынтыктап айтканда, биз бул өкмөттү мажирөө деп эсептейбиз", — деди Шыкмаматов.

"Ата Мекен" фракциясынын дагы бир депутаты Садык Шер-Нияз өкмөт өлкөнүн маданият тармагына такыр көңүл бурбай калганын айтып, сынга алды. Анткени премьер өз отчетунда маданият тармагына жасалган иштерди алты сап менен гана жазганы белгиленди.

Эл өкүлү ошондой эле акыркы 25 жылда Кыргызстанда үч гана нерсе абдан жакшы жакка коюлганына токтолуп, алар президенттик шайлоо, премьер-министрди шайлоо жана парламентти шайлоо экенин белгиледи.

Шер-Нияз өкмөт руханий нерсеге көңүл бурбай жатканын да айтты.

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Садык Шер-Нияз
Өкмөт ишкерлердин жасаганын өзүнө ыйгарып алдыбы? Отчетуна саресеп - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Садык Шер-Нияз

"Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун мекенинде оозго ала турчу бир жазуучу же акын жок. Муратбек Рыскуловдун мекенинде бир театр жылдызы жок. Карап көрүңүз акыбалын! Маданият өкүлдөрүн өстүрүш үчүн 15-20 миллион карап коюш керек эле го...", — деди Садык Шер-Нияз.

Өкмөттүн отчетуна ичи чыкпагандардын бири жана ага жалгыз каршы добуш берген депутат Исхак Масалиев өкмөт жеке ишкерлер жасаган иштерди өздөрүнө ыйгарып алганын айтты.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Исхак Масалиев
Өкмөт ишкерлердин жасаганын өзүнө ыйгарып алдыбы? Отчетуна саресеп - Sputnik Кыргызстан
Депутат Исхак Масалиев

"Бул туура эмес да... Жеке ишкерлердин жасагандарын өздөрүнө жазып жатат. Бирөө завод куруп берсе, анын өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай тиешеси бар? Ал жеке ишкердин иши да. Өкмөттүн ишмердүүлүгүн карап жатканда анын курамы, түзүмү кандай болду, кандай чечимдерди кабыл алды, ал чечимдер канчалык деңгээлде ишке ашты, кандай ийгиликке алып келди деген маселелерди карап, өкмөт ошол боюнча маалымат бериши керек болчу", — деди ал.

Масалиев ички карыз боюнча да толук маалымат жазылбаганын белгиледи.

Садык Шер-Нияз өкмөттүн абийирин кетиргенде. Депутаттын жаалданган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Садык Шер-Нияз өкмөттүн абийирин кетиргенде. Депутаттын жаалданган видеосу
"Жөнөкөй мисал менен айтсак, ички карызыбыз жылына 120 миллион долларга көбөйүп жатат. Бул деген өкмөт коммерциялык банктардан карызга акча алып башка карыздарды жаап жатат дегенди түшүндүрөт. Карыз көбөйүп жатат. Карызга акча алып маселе чечкен бул өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кирбейт. Эгерде өкмөт киреше булактарын таап, ишканалардын иштөөсүнө шарт түзүп берип, анан алардан акча түшсө гана бюджет көбөйөт. Качан гана бизде өндүрүлгөн товар чет жакка сатылып киреше түшсө, ошондо экономика өнүктү деп айтсак болот", — деди эл өкүлү.

Айтылган мындай сын-пикирлерге карабай, өкмөттүн эки күнгө созулган отчетун Жогорку Кеңеш дээрлик бир добуштан колдоп берди (101 депутат "макул" деп добуш берди). Жалгыз гана Исхак Масалиев "каршы" деген добушун берди.

Андан сырткары, "Ата Мекен" фракциясынын эки депутаты — Эмил Токтошев менен Искандер Гаипкулов отчетту колдосо, калган 9 депутат эч кандай баасын берген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0