Уран лицензиясын Бороновдун сөзүнөн кийин эки күн өткөрүп кайтарып алышты

Жазылуу
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов лицензияны кайтарып алуу боюнча 25-апрель күнү Тоң районунун тургундары менен жолугуу маалында айткан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү лицензиясын токтотуу боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин чечимине 27-апрель күнү кол коюлду. Документтин сүрөтү интернетке тарап, анын чын эле 27-апрелге тиешелүү экенин аталган комитеттин маалымат кызматы тастыктады.

Документ "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын 26-беренесине ылайык токтотулду.

"Комитетке Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан UrAsia in Kyrgyzstan ЖЧКсынын Кызыл-Омпол кенинде жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө кат келип түшкөн. Аталган кат апрель айында жер казынасын пайдалануу, лицензиялоо боюнча комиссиясынын отурумунда каралып, "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын 26-беренесине ылайык лицензиянын укугу токтотулду", — дешти маалымат кызматтан.

Бирок биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов лицензияны кайтарып алуу боюнча 25-апрель күнү Тоң районунун тургундары менен жолугуу маалында айткан. Ал күнү UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын жетекчиси Светлана Менг дагы лицензиянын чакыртып алынышы боюнча документти колуна ала электигин билдирген.

Урановые шахты близ Майлуу-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште уран казууну 50 жылга чейин токтотуу сунушталды
Бул чечим тууралуу пикирин билүү үчүн Менг менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, буга чейин UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун жана Нарындын Кочкор районунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиясы боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон. Социалдык тармактарда элди уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн бир нече аудио, видео билдирүүлөр тараган. Ошондой эле аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

26-апрель күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уран казууну Ысык-Көлдө эле эмес, жалпы Кыргызстандын аймагында токтотууну талап кылган митинг өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0