Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

© Пресс-служба правительства КРКыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-апрелде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана ЕЭКтин коллегиясынын төрагасынын катышуусу менен формалдуу эмес кечки тамак уюштурулат. Жолугушуулардын расмий бөлүгү 30-апрелде өтөт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ереванга учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 29-апрелде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана ЕЭКтин коллегиясынын төрагасынын катышуусу менен формалдуу эмес кечки тамак уюштурулат. Жолугушуулардын расмий бөлүгү 30-апрелде өтөт.

Абылгазиевди коштоп кеткендердин тизмеси:

  • Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр;
  • Аликбек Жекшенкулов — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
  • Олег Панкратов — экономика министри;
  • Бакыт Шаршембиев — Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Алмаз Оңолбеков — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
  • Калысбек Жумаканов — Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы;
  • Алмаз Сазбаков — Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги атайын өкүлү;
  • Айбек Айдарбеков — КР президентинин аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Айбек Омокеев — тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы.
Жаңылыктар түрмөгү
0