Тойдун эртесиби?.. ЖКнын бүгүнкү жыйынында 30га жетпеген депутат отурат. Видео

© Sputnik / Расул УсеналиевДепутаты на заседании Жогорку Кенеша
Депутаты на заседании Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 10:20га карата каттоодон өткөн депутаттардын саны 110ду түздү.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 2-майдагы жыйынында залда 30га жетпеген депутат отурат.

Саат 10:20га карата каттоодон өткөн депутаттардын саны 110ду түздү. Бирок залда отурган эл өкүлдөрү андан бир топ эле аз.

Бывший спикер Жогорку Кенеша Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
"Райым ата..." Келдибеков Матраимовдун иш-чарасында күлкүгө калды. Видео
Эске салсак, Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалымат боюнча бүгүн жалпы жыйында 17 маселе каралат.

Белгилей кетсек, 1-май күнү ЖК төрагасы Дастан Жумабеков баш болгон депутаттардын жоон тобу менен биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган өкмөттүн айрым мүчөлөрү Оштун Кара-Суу районуна "Исмаил ата" фондусу уюштурган иш-чарага катышып келишкен. Район акими Тилек Матраимовдун маалыматы боюнча, меймандар 9-май — Жеңиш күнүнө, ошондой эле Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган волейбол жана футбол турнирине барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0