"Кыйкырбаңызчы!". Төрага Жумабеков депутат Карамушкинага кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастан Жумабеков убакыт депутат сүйлөп жатканда гана кетерин эскертти.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина анын суроо берүү убактысы жөн эле кетип жатканын айтып, ага берилген мүнөттөрдү токтотуп турууну талап кылды.

"Менин убактымды токтоткула, 2 мүнөттө биз суроо берип үлгүрбөй калып жатабыз, өкмөт ээн-эркин жооп берүүдө", — деди Карамушкина.

Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков убакыт депутат сүйлөп жатканда гана кетерин эскертти.

Депутат Карамушкина эптеп эле анын оозун жабууга аракет болуп жатканын айтты.

"Эми ошол убакыт деле эптеп эле депутаттын оозун жабууга макул болуп жатпайбы", — деп үнүн өктөм чыгарды Карамушкина.

Буга КСДП депутаты төрагадан: "Не кричите, пожалуйста!" - деген жооп алды.

Кыйкырбаңызчы, суранам! Төраганын депутат Карамушкинага кайрылган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кыйкырбаңызчы, суранам! Төраганын депутат Карамушкинага кайрылган видеосу
Белгилей кетсек, депутат Ирина Карамушкина бүгүнкү жыйынга чакырылгандарга уран сыяктуу уулуу заттар чыккан жерге жакын жашагандарга жеңилдиктер каралып-каралбаганын жана "Радиациядан пайда боло турчу ооруларга мониторинг жасалабы?" деген суроо узаткан.

Ага саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жооп берип, мониторинг жүргүзүлөрүн айтты.

"Акыркы 10 жылдагы статистикалык маалыматтар бар экен, алардын баары анализденет", — деди Чолпонбаев.

Эске салсак, учурда Жогорку Кеңеш "Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0