Балыкчы мэрлигине аттанган эки талапкердин бири 26 жашта. Резюмелери

© Sputnik / Михаил ДудинБалыкчы шаары. Архив
Балыкчы шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрди шайлоо 14-майда өтөт, ага шаардык кеңештин депутаттары добуш берет.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Балыкчы шаарынын мэрлигине эки адамдын талапкерлиги коюлду. Экөө тең документтерин шайлоо комиссиясына өткөрүп берди. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Шайлоо 14-майга белгиленген. Калаа башчылыгына Балыкчы шаардык кеңештин "Замандаш" фракциясынан Марат Кудайбергенов менен "Кыргызстан" фракциясынан Мирбек Шакиров талапкерлигин койду.

Кудайбергенов Марат Сагыновичтин резюмеси

1993-жылы Балыкчыда төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинде "финансы жана кредит" адистиги боюнча билим алган. Үй-бүлөлүү.

Эмгек жолу:

  • 2011-2017 — "Алыш Сервис" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2017-2019 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
  • 2019-жылдан тарта Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын маркетинг жана эс алууну уюштуруу кызматынын жетекчиси болуп эмгектенип келет.

Шакиров Мирбек Кадырбековичтин резюмеси

  • 1979-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин "экономика жана агрардык өндүрүштү башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.
  • Эмгек жолу:
  • 2003-2005 — Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын өндүрүш секторунун ага адиси;
  • 2005-2008 — "Шумкар ЫККФ" ААКсында бухгалтер;
  • 2009 — аталган компаниянын коммерциялык директору;
  • 2011-2017 — ушул эле компаниянын башкы директору.

Шаардын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0