Эксперт Кызыл-Омполдогу уранды чалгындоого ким уруксат бергенин айтты

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүХимиялык калдыктар. Архив
Химиялык калдыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун 2010-жылдан бери иштеп келе жатканын айтып, өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кетишин талап кылды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Көз карандысыз эксперт Динара Кутманова Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовду өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кетишин талап кылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековКөз карандысыз эксперт Динара Кутманова
Эксперт Кызыл-Омполдогу уранды чалгындоого ким уруксат бергенин айтты - Sputnik Кыргызстан
Көз карандысыз эксперт Динара Кутманова

Бүгүн, 7-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залында "Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өттү.

Кутманованын айтымында, Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоого экологиялык экспертизаны аталган агенттик алты жолу оң корутунду менен чыгарып берген.

"Бүгүнкү Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги Кызыл-Омпол боюнча оң корутунду берген. Эгерде алар башында эле оң корутунду бербегенде, мындай болмок эмес. Мени күйгүзгөнү — аталган мамлекеттик агенттик алты жолу — 2010, 2012, 2013, 2015, 2016, 2019-жылдары кен боюнча оң корутунду чыгарып берип жатат. Ошол экспертизалардын көчүрмөсүн бергиле деген сунушума так жооп бербей, болгону корутундулар кайсы датада берилгени боюнча формалдуу түрдө гана жооп берип койду. Агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов бетин кызартпай туруп мен берген сурамга Кызыл-Омпол аймагы буфердик зонада экенине карабай, ал "санациялык аймакта жайгашкан" деп жооп берип жатат. Кечиресиңер, бизди качанкыга чейин алдап жүрө бересиңер?" — деп ачууланды Кутманова.

Ал, андан сырткары, Рустамов бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келе жатканын белгилеп, жогорудагыдай алешемдиктерге карабастан анын жоопко тартылбай жатканына таң калды.

"Бардык экологиялык корутундуларга кол койгон киши эмне үчүн кызматында иштеп, мыйзамда каралган талаптар боюнча жоопко тартылбай келе жатат? Эмнеге? Эгер ушундай окуя өнүккөн башка мамлекеттерде болсо, жетекчи уятына чыдабай кызматтан кетип калмак. Бүгүнкү коомдук талкуудан кийин аны кызматта калтырса деле таң калбайбыз. Андыктан мен Рустамовдун өзүнө кайрылам, өз ыктыярыңыз менен эле кетип калыңызчы", — деди Кутманова.

Село Каджи-Сай Тонского района Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Кажы-Сайда уранда иштегендер айлык ала албай убара. Чоо-жайы
Ал ошондой эле урандын айланасында болуп жаткан окуялар Кумтөрдү эске салып жатканына токтолду.

Коомдук угууга катышып отурган Рустамов эксперттин сөзүнө жооп берген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уранды изилдөөгө, чалгындоого жана казууга тыюу салган токтом кабыл алган.

Эми депутаттар менен өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуусу керектигин төрага Дастан Жумабеков баса белгилеген.

Ал эми мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьялары менен болгон жолугушууда Кызыл-Опмолдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы экенин айткан.

Эске салсак, Ысык-Көлдө уран казууга аракеттер болуп жатканы жөнүндө жергиликтүү эл көтөрүлгөндөн кийин маселе мамлекеттик деңгээлде каралып, өлкө жетекчилери да көңүл бурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0