Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алуу учурунда

Сооронбай Жээнбеков Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

86
(жаңыланган 17:06 08.05.2019)
Элчи Жээнбековго Россиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнү менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, тараптар Улуу Жеңиш майрамын утурлай бири-бирин куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Биз сиз менен майрамдын — Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 74 жылдыгынын алдында жолугушуп жатабыз. Биздин аталарыбыз кажыбас кайраттуулукту, өз өмүрүн курмандыкка чалууга даярдыгын жана мекенге болгон чексиз сүйүүсүн көрсөтүшкөн. Биздин элди кан майданда салгылашкан жоокерлердин эрдиги менен сыймыктануу сезими бириктирип турганын далилдеген ачык мисал — бул "Өлбөс полк" акциясы. Кыргызстанда бул акцияга жыл сайын 10 миңдеген жаран катышат", — деди президент.

Ал эми элчи Жээнбековго Россиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнү менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

Удовиченко элчи катары аткарган жумуштарын, анын алкагында республиканын аймактарына барып жатканын айтып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык аракеттерди жумшай турганын белгиледи.

Мындан ташкары, тараптар Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары маалындагы макулдашуулар жана Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити боюнча пикир алмашты.

86
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, жолугушуу, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Күздө өтчү шайлоодо 44 партия ат салышмай болду. Тизме

0
(жаңыланган 11:06 09.07.2020)
Саясий партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү 8-июлда соңуна чыкты. БШКга жалпы 44 саясий партия тиешелүү кагаздарын жиберген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Күздө боло турчу парламенттик шайлоого 44 саясий партия катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, партиялардын документтерин кабыл алуу иштери 8-июль күнү соңуна чыкты. БШКга жалпы 44 саясий партия тиешелүү кагаздарын жиберген:

  • "Ата Мекен"
  • "Мекенчил"
  • "Бирик"
  • "Мекен Ынтымагы"
  • "ОРДО"
  • "Бийлик элге" (Власть народу)
  • "Чон Казат"
  • "Партия коммунистов Кыргызстана"
  • "Единство народа"
  • "Политическая партия Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых локальных конфликтов"
  • "Актив"
  • "Рабочая партия Кыргызстана"
  • "Республика"
  • "Аграрная партия Кыргызской Республики"
  • Политическая партия Государственного единства и патриотизма "Бир Бол"
  • "Демократ"
  • "Улуу журт"
  • "Партия зеленых Кыргызстана"
  • "Партия Труда"
  • "Социал-демократы"
  • "Бүтүн Кыргызстан"
  • "Таза Коом"
  • "Ар-Намыс" (партия достоинства)
  • "Кыргызстан"
  • "Ыйман Нуру"
  • "Ак Калпак"
  • "Мекеним Кыргызстан"
  • "Адам-Демократ"
  • "Жаратман Эл"
  • "Биримдик" (Единство)
  • "Реформа"
  • Народно-Демократическая партия Кыргызстана
  • "Глас народа"
  • "Улуу Кыргыстан"
  • Кыргызстандык Социал-Демократическаялык партиясы
  • "Тартип-Порядок"
  • "Замандаш"
  • "Патриоты Кыргызстана"
  • "Народный контроль"
  • "Бүткүл жаштар саясий партиясы"
  • "КУТ"
  • Либерально-демократическая партия "НУР"
  • "Өнүгүү — Кыргызстан"
  • "Билим Илим Ордосу"

Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким, эмнеге даяр болушу керек

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.

0
Белгилер:
шайлоо, саясый партия, БШК, Кыргызстан
Тема боюнча
БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?
Жээнбеков БШК төрайымы менен шайлоого даярдыкты талкуулап, милдеттерди атады
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө

287
(жаңыланган 01:04 09.07.2020)
ЖКнын маалымат кызматынын башчысы пандемияга байланыштуу парламент чыгашаларды азайтып жаткандыгын жазды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алган эмес. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө депутаттар эмгек өргүүсүнө чыкканда 200 миң сомдон акча алгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

"Депутаттарга Эмгек кодекстин негизинде айлык тиет. Төрага 30 миң сом, вице-спикерлер 27 миң сомдон, депутаттар 25 500 сомдон айлык алат. Мыйзам боюнча эмгек өргүүсүндө төлөнчү акча айлыктан ашпашы керек. Ошондуктан 200 миң сомдон алды деген маалымат туура эмес жана чындыкка дал келбейт", — деди Ибраим Нуракун уулу.

Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, бааларды тизмектеп чыкты. Видео

Анын айтымында, эл өкүлдөрү жана ЖК аппаратынын кызматкерлеринин маянасы банктык картага которулат.

"Демек, 200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүм деген дагы туура эмес маалымат", — деп жазган өз постуна.

Нуракун уулу пандемияга байланыштуу парламент чыгашаларды азайтып жаткандыгын баса белгилеп, спикердин тапшырмасы менен сатып алуулар, командировка жана оңдоо иштери токтотулгандыгын кошумчалады.

287
Тема боюнча
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
Депутат Сурабалдиеванын бир айлык маянасына дарыгер эмнелерди сатып алды. Сүрөт
Жогорку Кеңештин шайлоо босогосун азайткан мыйзамга Жээнбеков кол койду
Киши даарыларды сатып алып жатат. Архив

Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

0
(жаңыланган 11:13 09.07.2020)
Адис коронавирус жуктуруп алган учурда тамакка табит тартпай каларын айтып, ага карабай сууну күнүнө үч литрден кем эмес ичип, витаминдүү тамактарды көбүрөөк жеш керектигин айтты.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, коркуу сезими иммунитетти түшүрө турганын айтты.

"Коркуу сезими адамдын организминен кортизол аттуу гормондун иштелип чыгуусун шарттайт. Анда углевод алмашуу токтоп калат да, иммунитетти түшүрүп жиберет. Эгерде дене табыңыздар көтөрүлүп жатса, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылгыла же 118 номерине чалгыла. Интернетте тарап жаткан дары-дармектер менен өз алдынча дарыланбай, антибиотикти дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпегиңиздер. "Дексаметазон" дарысын да колдонбоңуздар", — деди Акматова.

Бир суткада дагы 361 адам коронавирус жуктуруп алды

Ал коронавирус жуктуруп алган учурда тамакка табит тартпай каларын айтып, ага карабай сууну күнүнө үч литрден кем эмес ичип, витаминдүү тамактарды көбүрөөк жеш керектигин айтты.

0
Белгилер:
иммунитет, дүрбөлөң, сезим, коркуу, брифинг
Тема боюнча
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет