"РСК банк" менен "Айыл банкка" жаңы жетекчилик дайындалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБанк имараты. Архив
Банк имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эки мекеменин тең директорлор кеңештери жана төрагалары мөөнөтүнөн мурда кызматтан четтетилген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "РСК банк" менен "Айыл банкка" жаңы директорлор кеңеши дайындалды. Муну менен катар "Айыл банк" төрагалуу дагы болгонун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан кабарлашты.

Эске салсак, аталган эки мекеменин тең акционерлери 29-март күнү директорлор кеңешин жана төрагаларын мөөнөтүнөн мурда кызматтан четтеткен. Эки банктын тең директорлор кеңешинин эки жылдык мөөнөтү бар болчу. Алар эмне себептен эрте бошотулганы айтылган эмес.

"Айыл банктын" төрагасы Кайрат Маматовдун ордуна Малабек Токтоболотов келди. Ал эми "РСК банкына" жаңы жетекчи дайындала элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Мобильное приложение Юнистрим - Sputnik Кыргызстан
"Юнистрим" мобилдик тиркемеси эми кыргыз тилинде тейлейт
Белгилей кетсек, "Айыл банктын" директорлор кеңеши беш, "РСК банктыкы" төрт адамдан турат.

"Айыл банк" жана "РСК банк" ААКтарынын акцияларынын 100 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна тиешелүү.

"КР Улуттук банкы тууралуу" мыйзамга ылайык, банктардын директорлор кеңеши үч жылдык мөөнөткө шайланат. Дал ушул кеңеш банктын төрагасын тандайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0