Архивное фото президента КР Сооронбая Жээнбекова и председателя Государственного комитета национальной безопасности Кыргызстана Идриса Кадыркулова

Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту

1346
(жаңыланган 10:42 15.05.2019)
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы бүгүн кол койгон.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотту. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка Жээнбеков бүгүн кол койгон.

Белгилей кетсек, Кадыркулов өз ыктыяры менен арыз жазып кызматтан кеткен. Мындай кадамга коомдо талкууланып жаткан паспорт чыры себеп болгону айтылды.

Кадыркулов акыркы кездерде жергиликтүү ЖМКларда, өзгөчө бейөкмөт уюмдар тарабынан "УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык паспорттордун бланкасын сатып алууга байланышкан териштирүүлөрүн туура эмес карады" деп айыпталып келгенин белгилейт. Ал бул иш боюнча "УКМК башчысынын кызыкчылыгы бар" деген коомчулуктун эки анжы оюн эске алуу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын айткан.
Белгилей кетсек, Идрис Кадыркулов 2018-жылдын апрель айында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

1346
Белгилер:
президент, кызмат, УКМК, Идрис Кадыркулов
Тема боюнча
Мамкаттоонун башчысы Шаикова иштен алынды
Милиционер менен жаңжалдашкан Балыкчынын прокурору кызматтан алынды