Депутаттар, сүйлөгөндү билбейсиңер! Тилчилер эл өкүлдөрүнө кине койду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДоктор филологических наук, профессор Сыртбай Мусаев
Доктор филологических наук, профессор Сыртбай Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Курманкул Зулушев азыр туура эмес сүйлөгөндөр көбөйгөнүн айтып, айрым мисалдарды келтирди.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Тилчи, окумуштуу Сыртбай Мусаев депутаттардын баары эле грамматикалык формаларды бузуп сүйлөй турганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Учурда депутаттар "Жарнак жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Депутат Курманкул Зулушев азыр көпчүлүк жерде туура эмес сүйлөгөндөр көбөйгөнүн айтып, айрым мисалдарды келтирди.

"Азыр түрк тилинен көптөгөн сөздөр кирип жатат. "Кош келдиңер" туурабы, же "кош келипсиздер" туурабы? "Саламатсыңарбы" туурабы, же "саламатсыздарбы" туурабы?" — деп суроо салды.

Кагазга жазып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилинде туура жазуу колуңуздан келеби? Тест
Өз кезегинде Сыртбай Мусаев бул сөздөр Кыргызстандын аймактарында түрдүүчө айтыларын жана элдин баарын "ушул туура, ушундай сүйлө" деп кыйнай албай турганын айтты.

"Түштүк тарапта "куш келдиңиздер" дейт, түндүк тарапта "кош келиңиздер" дейт. Ошондуктан тилди бир киши тескей албайт. Биз окумуштуу, адис катары "ушул туура" деп оюбузду айтабыз. Элди "сен так ушундай сүйлө" деп айтыш кыйын экен. Мына, депутаттар, силер деле сүйлөгөндө грамматикалык формаларды бузуп сүйлөйсүңөр", — деди ал.

Мусаев, андан сырткары, эгер депутаттар тил эрежесин бузгандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам кабыл алып берсе, чындап эле тилге кам көргөн болушмактыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0