Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Президент Жээнбеков Ысык-Көл облусуна барды

203
(жаңыланган 09:34 16.05.2019)
Мамлекет жетекчиси өлкө аймактарын кыдырууну улантып жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-майда Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Анын алкагында мамлекет жетекчиси Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, ошондой эле Түп айылында курулуп жаткан спорт комплексине барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Ал эми 17-май күнү Жээнбеков Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барып, шаардын тургундары менен сүйлөшөт. Мындан тышкары, "Акылдуу шаар" жана Балыкчы шаардык мэриясынын башка инновациялык долбоорлору менен таанышмакчы.

203
Белгилер:
Балыкчы, иш сапар, Сооронбай Жээнбеков, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту
Сооронбай Жээнбеков банктарды жеткиликтүү насыя берүүгө чакырды