Айыл Банктын мурдагы жетекчиси Мурат Акимов

"Айыл Банктын" мурдагы жетекчиси Акимов кармалды

1216
(жаңыланган 15:26 16.05.2019)
Маалыматка караганда, анын кармалышы банктагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Айыл Банктын" мурдагы жетекчиси Мурат Акимов 14-майда Финансылык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Маалыматка караганда, анын кармалышы банктагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Учурда Финполдун маалымат кызматы бул кабарды текшерип жатат.

Эске салсак, буга чейин, 29-мартта, "Айыл Банк" ААКынын акционерлери банктын директорлор кеңешинин жана төрагасынын кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган

1216
Белгилер:
жетекчи, "Айыл Банк" ААК
Тема боюнча
Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды