Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына Сооронбай Жээнбеков кол койду

7549
(жаңыланган 15:49 16.05.2019)
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 16-май – Sputnik. Сооронбай Жээнбеков "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Сурамжылоо

Экс-президенттерди кол тийбестиктен биротоло ажыратуу керекпи?
  • Ооба, мыйзам алдында баары бирдей
    79.6% (385)
  • Импичмент сыяктуу процедураны иштеп чыгуу керек
    7.0% (34)
  • Жок, анда президенттер маанилүү чечимдерди кабыл алуудан чочулап калат
    10.5% (51)
  • Мага баары бир, саясаттан оолак адаммын
    2.9% (14)
Добуш бергендер: 437
 Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алып берген.

"Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумдагы Конституцияга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамдын 16-беренесине (3-бөлүгү) каршы келерин баса белгилеген.

КП судьялары учурдагы нормага ылайык экс-президент өлкө башчы болуп турган маалында жасаган иштери үчүн жооп бербей турганын айтышкан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7549
Белгилер:
кол тийбестик, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу