Жээнбеков: менде эрк бар, коррупция менен күрөштүн башында туруп берем

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Жээнбекова в Иссык-Кульскую область
Рабочий визит президента КР Жээнбекова в Иссык-Кульскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент 16-майда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. "Менде эрк бар, президент катары коррупцияга каршы күрөштүн башында туруп берем". Мындай билдирүүнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда жасады.

"Коррупция менен күрөш токтобойт, уланат. Бул күрөштө жалгыз президент эч нерсе кыла албайт. Менде эрк бар — президент катары бул күрөштүн башында туруп берем. Бирок муну каалабагандар дагы бар. Чоң акырдан жем жеп калгандар мындан айрылгысы келбейт. Жалпы эл аларга каршы тура баштаганда гана коррупция токтойт", — деди президент.

Ошондой эле Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдары чабал иштеп жатканын белгиледи.

"Жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары "мен сага тийбейм — сен мага тийбе" деген мамиле менен жүрүп жатасыңар. Коркпой, мындай көрүнүштөр менен ачык күрөшкүлө", — деди ал.

Эске салсак, президент 16-майда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0