Жээнбеков көлдүктөргө коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты. Видео

Жазылуу
Өлкө башчы "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" болуп чоң акырдан жем жеп калгандар коррупция менен күрөшүүгө жолтоо болуп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары жана бийлик башчылары менен болгон жолугушууда мамлекет жетекчиси катары коррупцияга каршы күрөштүн башында туруп берерин жана ага жетишерлик эрки бар экенин билдирди.

Ошондой эле Жээнбеков бул жаатта жергиликтүү бийлик органдары чабал иштеп жатканын белгиледи.

"Коррупция менен күрөш токтобойт, уланат. Бул күрөштө жалгыз президент эч нерсе кыла албайт. Менде эрк бар — президент катары бул күрөштүн башында туруп берем. Бирок муну каалабагандар дагы бар. Чоң акырдан жем жеп калгандар мындан айрылгысы келбейт. Жалпы эл аларга каршы тура баштаганда гана коррупция токтойт. Жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары "мен сага тийбейм — сен мага тийбе" деген мамиле менен жүрүп жатасыңар. Коркпой, ачык күрөшкүлө", — деди президент

Эске салсак, президент 16-майда эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0