Маяна чуусунан кийин "КТ Мобайл" жетекчилиги отставкага кетти

© Sputnik / Владимир ФедоренкоПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчилердин бири премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тууганы экени аныкталган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. "КТ Мобайл" ЖЧКсынын жетекчилиги өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине техникалык директор Николай Дмитриенко билдирди.

Белгилей кетсек, "КТ Мобайл" ЖЧКсы 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү боюнча лицензия алган. Компания ишин баштай элек жатып 170 миллион сомдук карызга батканы аныкталган. Социалдык тармакта компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов 350 миң сом, ал эми орун басары Эрназар Рысалиев (Иманкадыр уулу) 300 миң, ал эми техникалык директору Николай Дмитриенко 290 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. Бирок Иманкадыр уулу айтылгандын баары чындыкка дал келбей турганын белгилеп, айлыктардын эң жогоркусу 157 миң сомду түзөрүн айткан.

Костюмчан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме
Эрназар Иманкадыр уулу премьер-министр Абылгазиевдин сөзүнөн кийин, 16-май күнү, отставкага кетти. Ага чейин экс-министр, "Ачык өкмөт" эл аралык уюмдун секретариатынын жетекчиси болуп иштеген атасы Иманкадыр Рысалиев Абылгазиевдин бажасы экендиги аныкталган. Ал эми премьер-министр бажасынын баласы "КТ Мобайл" ЖЧКсынын төрага орун басары болуп иштээрин билбей турганын белгилеп, кызматтан кетиши керектигин кошумчалаган.

Дмитриенконун айтымында, отставкага башкы директор Нурбек Мукамбетов да кеткен.

Ал арада аталган компаниянын ишмердүүлүгүн өкмөт да, Жогорку Кеңеш да текшерип жатат. Жакын арада "КТ Мобайл" Salam соода маркасынын алдында ишке кирери белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0