Депутат: премьердин агасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги майлуу жерде отурат

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы премьердин туугандарынын бири өкмөт башчынын сынынан кийин кызматтан алынган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин агасы Саламаттык сактоо министрлигинде майлуу жерде жетекчи болуп иштей турганын депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, Абылгазиев Азис Дүйшекеевич Дары менен камсыздоо департаментинин баңгизаттардын мыйзамдуу айланышын көзөмөлдөө башкармалыгын жетектейт.

Департаменттин сайтында Азис Абылгазиев чындыгында аталган башкармалыктын жетекчиси экени жазылып турат.

Момбековдун билдиришинче, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жоюлгандан (2016-жылкы) кийин жазага тарта турчу милдеттеринин жарымы ИИМге, ал эми дарыларга лицензия берүү жана жалпы көзөмөл Саламаттык сактоо министрлигине берилген.

"Абылгазиевдин тууганы Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгында жетекчи болду. Эң кымбат дарылар дал ошолор аркылуу өтөт. Бул деген өтө чоң акча да. Бардык фармацевттерге лицензияны премьер-министрдин тууганы берет", — деди депутат.

Депутат ЖК Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиевдин бажасы MegaCom башчысын коркутуп жатабы? Чоо-жайы
Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт башчынын жакын досу. Ал министр болгонго чейин Фармацевттер ассоциациясынын президенти болгон. Депутат, андан сырткары, Кыргызстанга жылына 15 миллиард сомдук дары-дармек кирерин кошумчалады.

Буга чейин маалым болгондой, "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени белгилүү болгон. Ал эми Рысалиев премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы. Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчынын сунушу менен кызматынан кеткен. Бирок "КТ Мобайл" ишканасынын айланасындагы чуу жаңы өңүт алууда.

"КТ Мобайлдын" чуусу

"КТ Мобайлдын" мамлекеттик ишканасынын айланасындагы чууда премьердин тууганы, кызматтан алынган Эрназар Иманкадыр уулунун аты аталууда.

Костюмчан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун туунду компаниясы "КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензия алган. Компания ишин баштабай жатып эле мамлекетке 170 миллион сом карыз болуп калган. Аталган ишкананын айланасындагы чуу 2019-жылдын май айында тутанып, социалдык тармактарга компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов 350 миң сом айлык алары, орун басары Эрназар Рысалиев (Иманкадыр уулу) 300 миң сом, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң сом маяна алары боюнча маалыматтар тараган. Өз кезегинде Иманкадыр уулу компаниядагы эң жогорку айлык 157 миң экенин айтып, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын төгүндөгөнгө аракет кылган.

Коомдогу чуудан улам "КТ Мобайлдын" жетекчилиги кызматтан кеткен.

Учурда бул компаниянын ишмердигин Өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган убактылуу комиссия текшерип жатат.

Ал ортодо "КТ Мобайл" компаниясы Salam деген уюлдук операторду ишке киргизери белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0