MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов. Архив

"КТ Мобайлды" ким калкалап жүргөн? MegaCom башчысы Жамангулов агынан жарылды

1685
(жаңыланган 11:21 20.05.2019)
MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов аны премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев "КТ Мобайлдын" "крышасы" экенин айтууда. Ал өкмөттүн аппаратында бир нече ирет жыйналыш өткөрүп, аткаминерлерге тапшырма берип жүргөн. Ал тургай коркутуп-үркүтүүгө чейин барганы айтылды.

"КТ Мобайл" тууралуу кыскача

"Кыргызтелеком" ААКтын туунду компаниясы "КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү боюнча лицензия алган. Өзүнүн жыштыгы бар, башка оператордун жабдуулары менен ишке кирүүнү каалаган. Ал үчүн өткөн жылдын аягында компаниянын жыштыгы аукционго коюлуп, "Альфа-Телеком" ЖАК (MegaCom) 345 миллион сом сунуштап утуп алган. План боюнча уюлдук оператор катары 8-майда ишке кирмек.

Ал ортодо "КТ Мобайлдын" жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени ачыкталды. Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болду.

Бул чырдын айланасында депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын биринчи жыйынында Иманкадыр Рысалиев "КТ Мобайлга" акча котортуу үчүн MegaCom компаниясынын башчысын коркутууга алганы айтылды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги "Альфа-Телеком" компаниясынын директору Акылбек Жамангуловдон чуулуу окуянын чоо-жайын сурады.

— Акылбек мырза, башынан баштап жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берсеңиз. "КТ Мобайл" менен "Альфа-Телеком" кандай келишим түзгөн?

— Виртуалдуу оператор түзүп, жыштыктарды чогуу пайдаланабыз деген келишимге кол койгонбуз. Ал үчүн биз 345 миллион сом каражат бермекпиз. Келишим түзүлгөндөн кийин "КТ Мобайл" жетекчилиги виртуалдуу оператор эмес, өз алдынча Кыргызстандагы төртүнчү оператор кылабыз деп чыкты. Ага сарпталчу каражатты эсептесек аябай көп — 86 миллион долларга жетти. Бул чыгымдарды "Альфа-Телеком" төлөп берсин деп жатат. Ал эми виртуалдуу оператор ачсак 2-2,5 миллион доллар кетет. Ошон үчүн мен чырылдап чыктым да. Келишимге кирбеген нерсени талап кылып, биздин акча менен өз алдынча оператор болууну көксөшүүдө. Мен башында андай документке кол койгон эмесмин.

— Демек, талаш виртуалдуу жана өз алдынча оператор боюнча болуп жатыптыр да. Анда экөөнүн айырмачылыктарын түшүндүрүп берсеңиз.

— Виртуалдуу оператор болгондо алардын жыштыгын биз колдонобуз, ал үчүн 345 миллион сом төлөп берип жатабыз. Алар бизден дүңүнөн интернет жана трафиктерди алат да үстүнө кошуп, өзүнүн бренди менен сатат.

"КТ Мобайлдын" жетекчилери талап кылгандай өз алдынча оператор ачылса алардын жыштыгын чогуу колдонобуз. Ага кошуп техникалык оператор катары биздин ар бир базалык станцияларга "КТ Мобайл" үчүн кошумча дагы жабдууларды коюп чыгышыбыз керек. Жаңыдан лицензия, биллинг, коммутатор алуу керектелет. Ошол чыгымдардын баарын эсептегенде 86 миллион доллар чыкты. Анча каражатты жөн эле сарптай албайм да, мен дагы киреше булагын ойлошум керек. Ал каражат качан, кандай жол менен кайтып келерин билишим керек. Ошон үчүн мен бул нерсеге каршы болуп, ачык айтып чыктым.

— Экөөнүн айырмачылыгы жөнөкөй элге байкалабы?

— Абоненттерге эч кандай айырмасы жок, бирдей эле колдонушат. Бирок документ, финансы жагынан алганда эки башка.

— Мындан ары эмне болот эми, иштешесиздерби же жокпу?

— Мурдагы күнү "КТ Мобайлдын" эмес "Кыргызтелекомдун" жетекчилери иштешүүгө макул болушту. Андай чоң чыгымдары жок эле виртуалдуу оператор түзүп жыштыктарды чогуу иштетебиз. Ошон үчүн кечээ өкмөттөн билдирүү чыкты. Уюлдук операторду Salam бренди менен эки айдын ичинде ишке киргизебиз.

— "КТ Мобайл" ишке кирбей жатып 170 миллион сомдук карызга батканы белгилүү болду. Эмнеге анча карыз болуп калган?

— Келишимге ылайык, биринчи этап менен "КТ Мобайлдын" эсебине 168 миллион сом которгонбуз. Алар биринчи кезекте Мамлекеттик байланыш агенттигине карызын төлөш керек болчу. Антпесе анын лицензиясын тартып алат. Акча которгондон кийин кат жазып, эмнеге карызды төлөбөй жатасыңар десек жооп келбеди. Агенттикке кат жолдосок төлөгөн жок деген жооп келди. Карызын төлөсүн деп бөлгөн акча кайда кеткени белгисиз. Ошон үчүн мен чырылдап жатам.

— Иманкадыр Рысалиев эмнеге "КТ Мобайлдын" кызыкчылыгын коргоп, ортого түшүп жатат? Негизи эле ал бул ишке компетенттүүбү?

— Албетте, жок! "Санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгондуктан аралашып жатам" дегени жөн эле калп. Эч кандай санариптештирүүсү жок эле "КТ Мобайлдын" "крышасы" десек болот. Башынан аягына чейин көзөмөл жүргүзүп, алардын юристтери биздин юристтер менен тил табыша албай калса деле "сенин юристтериң тигинтип, минтип" деп чала берчү. Бардык нерсенин чеги болот да. Чектен чыгып, коркута баштады. Жада калса расмий түрдө мамлекеттик органдардын жетекчилерин чогултуп алып чогулуш өткөргөндөн кийин айтууга туура келди. Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басарынын кабинетинде эки-үч жолу жана Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин имаратында да жыйналыш өткөргөн. Балким, менден башка, саясаттан келбеген адам болсо унчукпай кол коюп бул иш билинбей деле калмак. Рысалиев башынан баштап аягына чейин кызыкдар болуп жүргөн. Ар жакка барып актанып жатат.

— Сизге эскертүү берген билдирүүлөр социалдык тармактарга тарады. Мындай нерсе бир эле жолу болгонбу?

— Бир эмес көп жолу болгон, телефон аркылуу чалып коркутуп жатты. Көп эле нерсе айткан баарын ачыктабай эле коёюн. Ал кишинин деңгээлине түшкүм келбейт. Анын тажрыйбасын, баскан жолун эске алуу менен теңелгим келбейт. Бүгүн деле айтпайт болчумун, депутаттар суроо узатканынан айтууга туура келди.

1685
Белгилер:
коркутуу, Чыр-чатак, компания, "КТ Мобайл" ЖЧКсы, Иманкадыр Рысалиев, Акылбек Жамангулов
Тема боюнча
Ишке кире элек "КТ Мобайл" мамкомпаниясынын карызы 170 млн. сомду түздү
Абылгазиевдин бажасы MegaCom башчысын коркутуп жатабы? Чоо-жайы
Кыргызстанда Salam бренди менен жаңы уюлдук байланыш ачылат
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаровдун президент катары элге алгачкы кайрылуусу. Толук текст

189
(жаңыланган 13:01 28.01.2021)
Инаугурацияда Садыр Жапаровго Кыргызстандын президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, штандарт жана төш белги тапшырылды. Ал 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров бүгүн ант берип, расмий түрдө кызматына киришти.

Төмөндө анын президент катары элге алгачкы кайрылуусунун тексти толугу менен өзгөртүүсүз берилди.

Кадырлуу кыргызстандыктар! Ардактуу коноктор!

Алдыңарда туруп ант берип жаткан ушул салтанаттуу ирмемдерде – эки миң жылдан ашуун тарыхы, ар түрдүү окуяларга бай, күнү тууган замандарда Азияны дүңгүрөтүп улуу дөөлөт курган, жаза тайып алдырган замандарда далай азап-тозокту да баштан кечирген байыркы элимдин бүгүнкү тагдыры жана келечеги үчүн өтө жогорку жоопкерчилик мойнума тагылганын эң жакшы түшүнүп, бир эсе толкунданып турамын.

Бул жоопкерчилик жөнөкөй жоопкерчилик эмес.

Байыркы мезгилдеги Барсбек каган жана анын үзөңгүлөштөрү, берегиде Мухаммед Кыргыз жана анын мүдөөлөштөрү, кечээгиде Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана алардын санаалаштары өз кезегинде кыргыз элинин келечеги тууралуу кандай санаа чегип, түмөн ирет түйшөлүп, кандай жоопкерчиликти аркалашса, дал ошондой озуйпаны көтөрүү жана өтөсүнө чыгуунун милдети биздин алдыбызда турат.

Бул жоопкерчиликти өзүмдүн санаалаштарым жана замандаштарым менен чогуу тартууга белсенүү, Ата Журт алдындагы андай ыйык миссияны жетектөө мен үчүн өлчөөсүз сыймык!

Элибиздин басып өткөн жолу чыйралуунун, дем күтүүнүн орошон булагы болуп, тарыхтын улам бир жаңы барагын өздөштүрүүсүндө элимдин жигер-кайратын арттырып гана жүрүп отурган.

Андыктан улуу жана узак тарыхы бар элдин келечеги да кең болууга тийиш!

Мөөнөтүнөн мурдагы бул жолку президенттик шайлоо өзгөчө жагдайда өткөндүгүн, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришип жатканымдагы ант берүү каадасы да өзгөчө кырдаалда өткөрүлүп жаткандыгын белгилегим келет.

Бул жөн жерден эмес. Бизди, жалпыбызды, өлкөбүздөгү соңку жагдай, саясий процесстер ушуга кептеди. Бул сапар элибиздин улуу максаттарга умтулуусу, үзүлбөгөн үмүт, татыктуу жашоо тууралуу кыялы баарыбызды тооруган пандемия коркунучунан да күчтүүлүк кылды.

Натыйжада калың эл түрө көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, мурдагы президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишине алып келди.

Өлкөбүз башаламандыктын жана мыйзамсыздыктын чеңгээлинде каларда улуттук ынтымакты сактоо үчүн 5-октябрь күнү элибиз аттанып, жапа тырмак талап кылган кыял-тилектин урматы үчүн чогуу-чаран жоопкерчиликти тайманбай өз мойнубузга алып, абалды турукташтыра алдык.

Анын ичинде мен дагы жан таттуу экен деп отуруп алган жокмун.

Ооба, биз отуз жылдан бери кыялданып келдик. Курулай убадаларга ишенип, жетеленип келдик.

Биз кыска мөөнөттүн ичинде “Азиянын Швейцариясына” айланууну кыялдандык эле.

Биз ар бир алты жыл сайын бийликтин тынч жол менен алмаштырылып турушун, ар бир алты жыл сайын өлкөбүздүн турмушундагы ири жетишкендиктерди чогуу-чаран майрамдап, жарандарыбыздын жашоо стандарттарынын жогорулашына, ар бир үй-бүлөнүн жакшылыгына тең орток болуп, маңдайыбыз жарыла кубанып турабыз деп кыялдандык эле.

Биз парламентаризм идеяларын да теңирден тескери түшүнүп, жалпы саясий аң-сезимди, саясий маданиятты калыптандыруу мүдөөлөрүн кадыресе бизнес долбооруна айландырып алдык.

Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды.

Ал ортодо коомдогу социалдык жиктелүү күндөн-күнгө, жылдан-жылга курчуп отурду.

Тилекке каршы, соңку отуз жылдын ичинде коомубуздагы бир ууч топ гана байыгандын үстүндө болду.

Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү калпыстыктар, экономикалык жаңылыш саясат адилет, байгер коомду куруу жөнүндөгү кыялдарыбызга, улуттук кызыкчылыктарыбызга кедергисин тийгизди.

Натыйжада калың журттун чыдамы түгөндү. Ал арада миңдеген мекендештеримдин “мигрант” атыгып, жакырчылыктын сазынан чыга албай, элимдин туш тарапка чачылып кеткени, ушул көрүнүш тыйылбай уланып жатканы кабыргамды кайыштырат  жана жанымды кашайтат!

Чыдамдуулуктун да чеги бар. Андыктан 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабынын бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болду.

Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт!

Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө - менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги мүдөө-максаты болмокчу!

Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин.

Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон бий, берегиде Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санаймын.

Кадырлуу кыргыз калкым! Ардактуу коноктор!

Кыргызстан соңку он беш жылдын ичинде бийликтин мөөнөтүнөн мурда кетиши менен аяктаган элдик толкундоолордун өлкөсү катары таанылгандыгы жашыруун эмес.

Ар бир толкундоонун арты коомдогу ыркты кетирип, улуттук ынтымактын бузулушуна алып келет, жарандык араздашуунун отун тутантып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен коштолуп, душмандарыбыз сүйүнүп турду, досторубуз күйүнүп турду.

Бирок биздин акылман элибиз, даанышман журтубуз өзүн андай саясий сокурлуктан бийик турарын көрсөттү.

Улуттук консолидацияга умтулуунун, регионализмдин жана ашынган улутчулдуктун чидеринен кутулуунун жолун тынбай көздөп, изденип жаткандыгын далилдеди.

Кыргыздарга ириде түндүк-түштүк болуп бөлүнүү, жердешчилик, уруучулук мүнөздүү, прогрессивдүү саясий дөөлөттөрдү өздөштүрүү али эрте деген көз карашты ички жана сырткы душмандарыбыз канчалык таңууласа да акылман элибиз андай терс жоромолдорду, тайыз божомолдорду кабыл албайт экен.

Шайлоо өнөктүгү маалында эл-журтту аралап жүрүп, ага дагы бир жолу ынандым.

Белгилеп айта кетейин, шайлоо өнөктүгүн Талас жергесинен баштап, касиеттүү Манастын күмбөзүнө барып, Манас Атанын рухуна арнап куран окуп жатканымда элимдин ушул кыял-тилегин аркалоого, илгеридеги улут аталарынын – Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сындуу кеменгерлердин жолун талбай улап, “кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген эки сап учкул сөз аркылуу туюнтулган эзелки кыялды, түпкү ураанды – улутту түптөөнүн жана өнүктүрүүнүн, улуттар аралык ынтымак идеологиясын андан ары сүрөөнгө алууга эрдимди кесе тиштеп, ичимен шерт ичтим эле.

“Ырыс алды – ынтымак” дейт элибизде. Ынтымакка коомдогу консенсус аркылуу гана алдыга илгерилей алабыз.

Мен ушул учурдан пайдаланып, өлкөбүздөгү бардык саясий күчтөрдү, санаалаштарымды жана оппоненттеримди, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды, коомдун бардык катмарын ушул улуу мүдөөнү аркалоо жолунда тилектеш, максатташ болууга чакырамын!

Ардактуу коноктор! Кадырлуу кыргызстандыктар!

Элимдин ар бир патриот, мекенчил уул-кызы кыялдангандай эле мен дагы Кыргызстандын экономикалык жактан ыкчам өнүккөн, адам укугу урматталган, мыйзам үстөмдүгүнө умтулган, жаштары келечекке оптимизм менен караган, эркин жана кубаттуу өлкөгө айланышын кыялданамын.

Бул аруу тилекти жүзөгө ашыруу боюнча пландарым президенттик программамда айтылды, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпы журтка жарыялап, негизги жоболорун тааныштырдым.

Анын өзөккү идеясын кайталай кетейин: менин президенттик кылган жылдарым – экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердүүлүктү, экономикалык жаратмандыкты туш тараптан колдоонун, элибиздин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болуп калууга тийиш.

Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкаттуулукка болгон ишеними калыбына келтирилиши шарт, эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш!

Экономикалык өсүш улуттук маданияттын өнүгүшү, элибиздин рухий эргүүсү менен эриш-аркак жүрүшү абзел.

Элибиз – таланттуу эл. Түгөлбай Сыдыкбеков менен Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиев, Болот Миңжылкыев менен Кайыргүл Сартбаева, Сүймөнкул Чокморов менен Тургунбай Садыков сындуу генийлерди тартуулаган элдин уучу куру эмес, жаңы муундун өкүлдөрү аты аталган залкарлар жана алардын замандаштары жараткан бийиктикти, алар жараткан рухий-маданий дөөлөттөрдү, образдуу айтканда "маданий кайра жаралуунун” салтанатын кайталай алат деп ишенемин.

Маданий кайра жаралуунун жаңы толкунун көрсөм жыйырма биринчи кылымдын кыргызы катары арманым болбос эле!

Себеби улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү – улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар!

Андыктан негизги максаттарымдын бири - маданият тармагын мамлекеттин камкордугуна бөлөө саясатын жүргүзүү.

Өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу стабилдүүлүк, алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгон жагдайда гана ырааттуу түрдө ишке аша алат.

Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз.

Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт.

Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз жалпы, тагдырыбыз да жалпы.

Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу – тышкы саясатыбыздын приоритети. 

Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм.

Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз.

Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек.

Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт.

Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат.

Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Евразиялык экономикалык союз, Түрк мамлекеттер кеңеши жана башка эл аралык уюмдар да эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем.

Кадырлуу замандаштар! Ардактуу коноктор!

Мамлекетибиздеги башкаруу формасы тууралуу маселе кызыл чеке түшүргөн кызуу талкууну жаратып, мындай тарыхый кезеңди баштан кечирүү да маңдайыбызга жазылган экен.

Бул да тегин жерден эмес. Соңку тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийлик системасына муктаж!

Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген.

Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт.

Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келерин, аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз.

Ошондуктан дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу – калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү.

Ошону менен бирге, президенттик башкаруу – өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет.

Биздин максат — мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу.

Алдыдагы конституциялык реформа ушул максаттарга багытталган.

Урматтуу мекендештер!

Биздин бүгүнкү абалыбызды канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын.

Отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма – президенттигим башталган мезгилге туш келди.

Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 млрд. доллар) карызы бар экен.

Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын.

Ошондуктан менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат.

Ал чараларды жүзөгө ашырууда эрки күчтүү элибиздин дем-күчү, колдоосу кубат берет деп терең ишенем.

Биз, Кыргызстан, XXI кылым койгон чакырыктарды туура аныктап, адекваттуу жооп беришибиз керектигин жакшы түшүнөбүз.

Жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш! 

Белгилей кетсек, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү.

 

189
Белгилер:
ант берүү, инаугурация, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Садыр Жапаров: миңдеген мигрантты мекенине кайтаруу негизги милдетим болот
Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты

360
(жаңыланган 12:14 28.01.2021)
Жапаров өлкөнүн отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызын толук төлөө милдети анын президенттик мезгилине туш келгенин айтты.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаров алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгууга жана экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталарын билдирди.

Жапаров өлкөнүн отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызын толук төлөө милдети анын багына — президенттиги башталган мезгилге туш келгенин айтты.

"Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 миллард доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат", — деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, президенттин ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Иш-чарага мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-премьер-министрлер, маданият өкүлдөрү келгени түз эфирден көрсөтүлдү.

360
Белгилер:
карыз, экономика, жарлык, президент, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Садыр Жапаров: миңдеген мигрантты мекенине кайтаруу негизги милдетим болот
Садыр Жапаров ант берип, президенттикке киришти
Садыр Жапаров оор учурда кол сунган Россияга ыраазычылык билдирди
№6 шаардык клиникалык оорукананын өпкө бөлүмүнүн башчысы, КРдин эмгек сиңирген дарыгери Токтобүбү Дөөлөтова

Дөөлөтова: пандемиядагы алешемдиктерге жөнөкөй медиктерди күнөөлөшүүдө

0
(жаңыланган 14:33 28.01.2021)
№6 шаардык клиникалык оорукананын өпкө бөлүмүнүн башчысы, КРдин эмгек сиңирген дарыгери Токтобүбү Дөөлөтова пандемиянын кесепетин иликтеген комиссиянын чечими менен медиктер макул эместигин айтты.
Дөөлөтова: пандемиядагы алешемдиктерге жөнөкөй медиктерди күнөөлөшүүдө

Пандемия учурундагы алешемдиктер медицина тармагында 30 жылдан бери келе жаткан көйгөйлөрдөн улам келип чыкты. Буга медиктерди күнөөлөө туура эмес. Мындай пикирин Токтобүбү Дөөлөтова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда эч кандай коргонуучу каражаты жок, жалгыз бет кап менен иштеген медиктер болгон.

"Коронавирус Кытайда пайда болгондон кийин Кыргызстанга келгенче 100 күндөн ашык убакыт өттү. Бул аралыкта өкмөт, министрлик керектүү жабдыктар менен ооруканаларды камсыздап, тиешелүү дары-дармектерди алып келип, медиктерге керек каражаттарды даярдап койсо болмок. Пандемия учурунда дары жетишсиздиги, адам өлүмүнүн бир учурда көп катталуусу сыяктуу көйгөйлөр болду. Бирок алар медиктердин күнөөсүнөн эмес, рентген, дем алдыруучу аппараттар жана башка керектүү каражаттардын жетишсиздигинен келип чыкты. Мисалы, мен иштеген оорукана вирус менен күрөшүүгө ылайыкташпаганына карабай, коронавируска кабылган жарандарды кабыл алууну буйруп коюшту. Күнүнө 200 бейтап жаткан учурлар болуп жатты, бизде болгону алты гана дем алдыруучу аппарат бар эле. Бир палатада төрт киши болсо, ар бирине 15 мүнөттөн коюп, экинчи бейтапты сөз менен жубатып, мүнөт санаган күндөрдү өткөрбөдүкпү. Айрым ооруканаларда коргоочу костюму жок жалгыз гана бет кап менен кирип иштеп жаткан дарыгерлер болду. Мунун баарына медиктердин өзүн күнөөлөш туура эмес да. Мен пандемиянын кесепетин иликтеген комиссиянын түзүлгөнүн колдойм жана анын мүчөсүмүн. Бирок анда катардагы медиктердин өзүн күнөөлөп койбой, тиешелүү аткаминерлердин жоопкерчилиги каралышы керек эле", — деди Дөөлөтова.

Дарыгер дүйнө вирустун жаңы штаммы менен күрөшүп жатса, өлкөдө бул багытта эч кандай аракеттер жүргүзүлбөй жатканы кооптондурарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөдө пандемиянын кесепетин иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Анда бир нече пункт боюнча алешемдиктер кеткени айтылган.

0
Белгилер:
Токтобүбү Дөөлөтова, коронавирус, дарыгерлер, комиссия, пандемия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Далили жок! Пандемиянын кесепетин иликтеген комиссияга дарыгерлер жооп кайтарды