Премьер өкмөттүн аппарат жетекчиси Асымбековду иштен алууну сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание правительства Кыргызской Республики
Заседание правительства Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы президентке сунуштама жиберген.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиевдин бажасы "Санарип Кыргызстандын" жумушчу тобунан да кетүүнү чечти
Ага ылайык, Асымбеков кызматтан кетүү тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 21-майда, өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов берген арызына ылайык кызматынан бошотулган болчу. Бул кадрдык чечим "КТ Мобайл" ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0