Кытай Кыргызстанга СУАРдагы аракеттерин колдогону үчүн ыраазы

© Sputnik / Табылды КадырбековКытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу учурунда
Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ван И Кытай терроризмге каршы эл аралык күрөшкө салым кошконун белгиледи.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы (СУАР) аракеттерин Кыргызстан колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ван И Кыргызстанга расмий сапары менен келип, анын алкагында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолуккан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки министр тең журналисттердин алдында сөз сүйлөдү.

"Кыргызстан Кытайдын ички жана тышкы саясатын колдоп жатканын биз жогору баалайбыз. Сөз СУАРда дерадикализация үчүн жасалган биздин аракеттер жөнүндө болуп жатат", — деди Ван И.

Председатель общественного фонда Мурас при аппарате президента КР Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Молдокасымов: Кытай окумуштуулары кыргыз тарыхы боюнча чоң жыйынга чогулат
Ал ошондой эле Кытайдын СУАРы менен Кыргызстан чектешип, коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктары бир экенин белгиледи.

"СУАР бир нече жыл мурда үч күчтөн азап тартып жүрдү. Террористтик күчтөр менен радикалдык идеология биздин өлкөгө гана эмес, аймактык коопсуздукка шек келтирип жатты. Бирок акыркы жылдары жасалган аракеттер өзүнүн жемишин бере баштады", — деди министр.

Ван И Кытай мындай аракеттери менен өлкө үчүн гана эмес, терроризмге каршы эл аралык күрөшкө салым кошконун кошумчалады.

"Февраль айында Кыргызстандын тышкы иштер министри Синьцзянга келген. Андан соң кыргыз тарап СУАР боюнча саясатты толук колдой турганын жар салып, такталбаган маалыматтарды төгүндөгөн. Биз муну жогору баалайбыз", — деди министр.

Эртең, 22-майда, Ван И ШКУга мүчө өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0