Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Шаршембиев отставкага кетти

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель Государственного комитета информационных технологий и связи Бакыт Шаршембиев
Председатель Государственного комитета информационных технологий и связи Бакыт Шаршембиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр президентке сунуштама киргизди.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жазылган арызга ылайык президент Сооронбай Жээнбековго Шаршембиевди жумушунан бошотуу жөнүндө сунуштама берди.

Белгилей кетсек, Бакыт Шаршембиев аталган кызматка 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0