Премьер иштен алууну сунуштаган Асымбеков кызматтан бошотулду

Жазылуу
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Шамилбек Асымбековду кызматтан алуу боюнча мамлекет башчысына сунуштама берген болчу.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Шамилбек Асымбеков кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эске салсак, премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Асымбековду кызматтан алуу боюнча мамлекет башчысына сунуштама берген болчу.

Шамилбек Асымбеков аталган кызматка 2018-жылы сентябрда дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0