Жээнбеков Россиянын тышкы иштер министри Лавров менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы менен министр эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан кабарлашты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел РФ Сергея Лаврова, прибывшего в Бишкек для участия в очередных заседаниях Совета министров иностранных дел ШОС и ОДКБ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел РФ Сергея Лаврова, прибывшего в Бишкек для участия в очередных заседаниях Совета министров иностранных дел ШОС и ОДКБ
Лавров Бишкекке ШКУнун жана ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн келген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Лавров Бишкекке ШКУнун жана ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн келген.
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту
2/2
Лавров Бишкекке ШКУнун жана ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн келген.

Лавров Бишкекке ШКУнун жана ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн келген.

Өлкө башчы менен министр эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-орус мамилелерин жаңы деңгээлге көтөргөнүн белгиледи.

"Аймактар аралык конференциянын алкагында 6 миллиард доллардан ашык суммага, 53төн ашуун келишимге кол коюлду. Ректорлор форумунун алкагында жогорку окуу жайлардын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги белгиленди. Кыргызстанда МГУнун филиалын ачуу макулдашылды. Региондор аралык байланыштарды, ошондой эле жаштар саясатын бекемдөө боюнча пландар белгиленди", — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясы кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту
Ал ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкка токтолуп, ата мекендик ветеринардык көзөмөл системасын ЕАЭБ системаларына шайкеш келтирүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

Ал эми Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Сооронбай Жээнбековго Россия президенти Владимир Путиндин каалоо-тилектерин жолдоп, меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0