Шайлоо. Архивдик сүрөт

Шайлоо мыйзамына кирчү 10 негизги өзгөртүү. Тизмеси жана түшүндүрмөсү

989
(жаңыланган 09:51 23.05.2019)
Мыйзам долбоору боюнча Аида Касымалиева толук баяндама жасады.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Вице-спикер Аида Касымалиева "КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун, "Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорлоруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн олуттууларына токтолду.

Ал өз сөзүндө 2018-жылы Улуттук кеңеште шайлоого байланыштуу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча стратегия кабыл алынганын айтып, 2015-жылы өткөн шайлоо эрежелерин жакшыртуу негизги максат экенин кошумчалады.

Алар төмөнкүдөй:

Шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялоо 10 күнгө узарууда. Мурда 60 күн болсо, эми 70 күн деп сунушталып жатат.

Шайлоочулардын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, шайлоочунун кабинети деген электрондук түшүнүк кирүүдө.

№2 форма менен добуш берүү тартиби татаалдаштырылды. Эми бул форма менен добуш берем деген адам өзү шайлоо комиссиясына барып идентификациядан өтүшү керек. Касымалиева маалымат иретинде 2015-жылы парламенттик шайлоодо форма №2 менен 305 миң киши, 2017-жылкы шайлоодо 315 миң адам добуш бергенин айтты.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо укугун Мамлекеттик каттоо кызматынан Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү сунушталып жатат.

Камактагы, стационардык дарылоо жайларындагы шайлоочулардын жана майыптардын шайлоого катышуусуна шарт түзүү каралууда. Аларга ылайыкталган форматта маалыматтарды даярдоо сунушталган.

Талапкердин шайлоо өнөктүгүнө кеткен каражаты тыкыр текшерилет. Анонимдик демилге деген түшүнүк кирүүдө. Ал боюнча атын атагысы келбеген жарандар шайлоо фондусуна акча бере албайт.

Шайлоо күрөөсү боюнча. Президенттик шайлоонукун 2 миллион сомго, партиялардын фондусун 5 миллиондон 3 миллион сомго чейин түшүрүү каралган.

Шайлоо дайындалганга чейин алты айдан кем эмес мөөнөттө партия каттоодон өтүшү керек.

ЖМК боюнча. Жалпыга маалымдоо каражаттары эч кандай комментарий бербестен фактыны гана жазсын деген жобо киргизилүүдө.

"ЖМКлар бул талапкер каттоодон өттү, бул талапкер келди деген маалымат менен жакшы же жаман комментарийлерин берип жатат. Бул оң же кара пиар болуп калышы ыктымал. Ошондуктан ЖМК эч кандай комментарий бербестен фактыны гана жазсын деген жобо киргизилип жатат", — деген пикирин айтты.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча. Эми шайлоолорго мектеп директорлору менен ооруканалардын башкы дарыгерлерин да катыштыруу каралган. Аны менен катар айылдык кеңештеги аялдардын катышуусу күчөтүлүп, 30 пайыздык резервация кирип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Касымалиева өз баяндоосунда сунушталган Конституциялык мыйзамдын долбоору бул үч окуудан тең толук өтүшү керектигин баса белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, 22-майда, каралып жаткан мыйзам долбоорунун демилгечилери — Алмазбек Эргешов, Нурбек Алимбеков, Абтандил Кулбараков, Умбеталы Кыдыралиев, Урматбек Самаев, Улан Примов, Алмазбек Токторов, Тазабек Икрамов, Талант Мамытов, Тариел Жоробеков, Дүйшөн Торокулов, Абдывахап Нурбаев, Аида Исмаилова, Бактыбек Райымкулов, Айнуру Алтыбаева, Кожобек Рыспаев, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Турусбеков, Иса Өмүркулов, Алмазбек Батырбеков, Махабат Мавлянова, Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Жыргалбек Турускулов.

989
Белгилер:
мыйзам долбоору, мыйзам, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Тарых алдында күнөөбүз бар. ЖК шайлоо мыйзамына кирчү өзгөртүүлөрдү талкуулайт
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

88
(жаңыланган 22:32 03.07.2020)
Дүйнөдө кечээги күндүн негизги жаңылыгы болуп АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Россияга каршы тезинен санкция киргизүү боюнча билдирүүсү, ошондой эле Америкада коронавируска кабылгандардын саны күндөн-күнгө өсүшү туурасындагы маалымат чыкты.

Пелосинин мындай билдирүүсү "Россия менен талибдердин" Америкага каршы кутуму" деген акылга сыйбаган айыптоодон улам келип чыкканын эске сала кетели. Кыскасы, бул америкалык атайын кызмат тарабынан топтолгон маалымат дагы эмес, "кайсы бир аналитиктердин талибдерди суракка алышынан кийинки бүтүмдөр" экен. Анда Россиядагы кимдир бирөөлөр "көп жылдан бери америкалык аскерлерди өлтүрүп келе жаткан талибдерге дал ушул "милдет" үчүн акча төлөгөн" деген кеп камтылат". Ушундай эле жол менен алар Россия Африкадагы төрөлүү саны үчүн кошумча төлөгөн деп да чыгары ажеп эмес. Дал ушул тууралуу РИА Новости агенттигине макала жарыяланды.

Пентагондун да, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи О'Брайендин билдирүүлөрүнө ылайык чыгарылган мындай "күчтүү" бүтүмдүн деле тастыктоосу табылбады. Андан улам өз маалында бул туурасында АКШ президентине да маалымдашпаптыр. Буга чейин да тастыкталбаган толгон-токой жоромолдордой эле... Аларды топтоо, иштеп чыгуу атайын кызматтардын түз милдети эмеспи. Бирок кептин баары Американын бүгүн кадыресе мамлекеттин кадимки мыйзамдары менен жашабай калганында (Дмитрий Песков туура баамдагандай, "Вашингтондо бүгүн түшүнүксүз нерселер көп"). Хайптардын ички айыгышкыс күрөшүнүн мыйзамы өкүм сүрүүдө. Муну кыскача "Эч кандай мыйзамдын жоктугу" деп сүрөттөөгө болот. Ошондуктан өзөктүк державанын өкүлдөр палатасынын башчысы, өзүнүн идеологиясы катары сот адилеттиги жана акыйкаттыкты жарыялаган мамлекеттин жогорку кызматтарынын бирин ээлеген киши эч далилденбеген "ыкчам маалымат", тагыраагы, дээрлик саясий бүтүмдөн улам башка бир өзөктүк державага каршы тезинен санкция киргизүү демилгеси менен чыгып отурат.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Ал эми бул маалыматты ыраспы же жалганбы деп текшерип койбостон коомго жайган маалымат каражаттары "Бул кишиге Россия туурасындагы терс маалымат жакпайт" деп АКШнын азыркы президентинин "айыбын" ачып киришти. Бул далалат менен алар мурдатан айтылып, бирок максатына жете албай келе жаткан "Трамп — орус тыңчысы" деген тезисти кайрадан жаңыча иштеп чыгып жатышкандай.

Ал эми экинчи саптагы жаңылык — Кошмо Штаттарда COVID-19 кескин көбөйүп, күн сайын АКШда 50 000ден ашуун учурлардын катталышы. Мында, эң кызыгы, америкалык маалымат каражаттарынын бул статистиканы элге кандай нукта сунуп жатканы. Маселен, абройлуу Huffington Post басылмасы: "Илдеттин мындай күч алышынын айрым себептерин май аягындагы Эскерүү күнүнөн бери (чейин) байкоого болот".

CNN: "Трамптын бет капка каршы жүрүштөрү кайра өзүнө кайтты", – деп жазды.

The New York Times: "Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көптөгөн америкалык эркектер бет кап тагынууну чабалдыктын белгиси катары эсептешет. Трамптын бет кап тагынуудан баш тартышы да ушундай ойдо экенин боолголоого себеп", — жеп жарыялады.

Эгер сизге аналитиктердин бул мисалдарында кайсы бир нерселер көз жаздымда калгандай туюлса, жаңылган жоксуз. Аларда май айынан бүгүнкү күнгө чейин аралыкты сактоо, үйдө отуруу жана башка чакырыктарга баш ийбей, Black Lives Matter прогрессивдүү жана туура кыймылынын өкүлдөрүнүн көп миңдеген тобу көчөдө жүргөнүнөн, дүкөндөрдү тоноп, имараттарга өрт коюп, унааларды талкалап, адамдарды өлтүрүп (ушул тапта толук эмес эсеп боюнча BLM кыймылынын жоопкерчилигинде 25тен ашуун өлүм бар), тизе бүктүрүп жатышканынан кеп салууга толук тыюу салынган.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Жүз миңдеген, балким, миллиондогон америкалыктар коопсуздукту чечкиндүү түрдө унуткарып, эч кандай коронавирус жоктой жүрүм-турумга өтүштү. Сырттан караган байкоочулар белгилегендей, оорунун күч алышы тозокту эске салгандай абалга кептейт, акыркы окуялардан улам бул башкача бүтпөйт. Бирок андай учур башка түшкөн соң чындыкты аташпайт.

Ошол себептен прогрессивдүү талдоочулар элдин (эл баягы эмес) ашкере эр жүрөктүүлүгүн, Трамптын жоопкерчиликсиздигин жана май айындагы Эскерүү күнүн себеп катары көрсөтүшкөнү менен, болгон түтүктөрдөн чыгып турган түтүндү эч кимдин көргүсү жок. Мында маселенин негизги себебин издөөнүн ордуна, РФти "Оккаманын устарасынын" эмоционалдык түрүнө кептегендей. Ошондуктан "кандай кыйын кырдаал болбосун, Россия менен Трампты айыпта" деген принцип өкүм сүрүүдө.

Анткен менен бул деле Американын дүйнөлүк лидерликтен тайып, пандемияга туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү өңдүү чоң көйгөйлөрдү чечүүгө пайдасын тийгизбейт. Бирок бул америкалык коомдун ички прогрессивдүү күчтөрдү канааттандырып, азыркы бийликтин каршылаштарына президентти ээрден алып түшүүгө өбөлгө түзөт.

Айтмакчы, мунун баары бүт дүйнөгө азыркы күнгө чейин үлгү катары көрсөтүп келишкен өлкөдө орун алууда. Ошентсе да РФтеги элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарына таянсак, "Америкадагыдай" деген сөздүн "сыйкыр" күчү четинен жоюлуп бараткандай.

88
Белгилер:
байланыш, көйгөй, Талибан, коронавирус, гезит, маалымат, күч, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү Жарлыгына кол койду

55
(жаңыланган 19:51 03.07.2020)
Эл бир апта бою добуш берген. Макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча Жарлыкка кол койгонун РИА Новости жазды.

Ага ылайык, өзгөртүүлөр эртең, 4-июлдан тарта күчүнө кирмекчи.

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Жээнбеков Путин менен сүйлөшүп, жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Сунуштарды атайын түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыгып, Путин Мамлекеттик Думанын кароосуна тиешелүү мыйзам долбоорун киргизген. 11-мартта документ эки палатада кабыл алынып, андан кийин региондордун мыйзам чыгаруу жыйындары тарабынан колдоого алынып, 14-мартта президент ага кол койгон.

Бийлик ишенимди актоого болгон күчүн жумшайт. Путин элге ыраазылык билдирди

Эл бир апта — 25-июндан 1-июлга чейин добуш берди. Алгач 22-апрелге пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган. Россиянын Конституциясына түзөтүү киргизүүгө макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон. Келгендер жалпы добуш берүүчүлөрдүн 67,97 пайызын түзгөн. Мыйзам бузуулар же арыздануулар катталган эмес.

55
Белгилер:
жарлык, өзгөртүүлөр, Баш мыйзам, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
РФтин Баш мыйзамына түзөтүү киргизүү. Жакынкы өлкөлөрдө добуш берүү кандай өттү
Медициналык кызматкер ишге бара жатат. Архив

Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү

0
(жаңыланган 23:07 03.07.2020)
Сүрөт Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратына тартылып, анда дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Чыгармачыл топ аны ушул жекшемби күнү бүтөрүн айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук госпиталдын имаратында дарыгердин 12 метрлик портрети тартылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүсү Сергей Келлер кабарлады.

Анын айтымында, сүрөт жекшемби күнү тартылып бүтөт. Социалдык тармактагы баракчасына портретти жүктөп, ал дарыгерлерге арналарын жазган.

"Учурдун чыныгы баатырларына арнап эмгек жаратуудабыз. Портрет борборбогу Улуттук госпиталдын корпустарынын биринде болот", — деп жазган Келлер аккантуна.

Анын агенттикке билдиришинче, сүрөттүн бийиктиги 12 метрдей, чыгымын парламенттеги депутаттардын бири көтөрүп жатат.

"Картина Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратында тартылууда. Ал Бөкөнбаев көчөсүнөн бир аз өйдө жактагы урология бөлүмүнө бет маңдай салынган. Эскизде дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Ушул жекшембиде аны толук бүтүрүп, дүйшөмбү күнү чыгармачылыгыбызды элге тартуулайбыз деп турабыз", — деди Келлер.

Буга чейин DOXA командасы залкар жазуусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына тартышкан. Ошондой эле ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын портретин борбордогу медициналык колледждин жатаканасынын дубалына түшүрүшкөн.

0
Белгилер:
кызматкер, медицина, портрет, Сүрөт, Улуттук Госпиталь, Бишкек
Тема боюнча
Президент медиктерди Манас ордени, Даңк медалы менен сыйлады