Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун депутаттар жазган эмеспи? Талкуу

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш биринчи окууда кабыл алынды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын шайлоо боюнча мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр олуттуу эместигин, шайлоо системасына катуу таасир бербей турганын айтышты.

Эл өкүлдөрү бүгүнкү жыйынында "КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун, "Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорлоруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулады.

Коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов мыйзамдарды кимдер жазганына токтолуп, пикирин билдирди. 

© Фото / пресс-служба ЖККоалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун депутаттар жазган эмеспи? Талкуу - Sputnik Кыргызстан
Коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов

"Бүт мыйзамдардын баарын адистер жазып жатат. Кана, мыйзамды кимибиз жазып жатабыз? Көп тармактуу, билимдүү адистер илимий жактан негиздеп, мурунку мыйзамдардын жетишкен-жетишпеген жактарын алымча-кошумчасы менен карап жазып жатат. Ошону силерге сунуштап жатабыз. Ал эми мазмуну боюнча айта турган болсок, бул жерде орчундуу өзгөрүү жок. Бул жерде биз өткөн шайлоодогу кемчиликтерге, кайсы маселеге көңүл бурулбай калганына маани берип жатабыз. Азыр ажиотаждын кереги жок. Бул жерде бир нерсени катып койгондой түшүнбөш керек. Бул мыйзам догма эмес, бул деген тирүү организмдей, ар бир шайлоо өзүнүн мезгилине, учуруна байланыштуу ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизип туруу талап кылынат", — деди Өмүркулов.

Ал, андан сырткары, кимде деталдуу сунуштар болсо экинчи окууда алып келүүнү сунуштады.

Депутат Кенжебек Бокоев мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө регламент бузулганына дагы бир жолу токтолду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кенжебек Бокоев
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун депутаттар жазган эмеспи? Талкуу - Sputnik Кыргызстан
Депутат Кенжебек Бокоев

"Регламенттин талабына ылайык баарын бириктирип же бир нечесин четке кагып туруп, комитеттин бирдиктүү оюн алып чыгалы дедик. Бирок биз "жок" деп шаштык. Анан калса мыйзам долбоору үч күн мурун күн тартибине кирген жок, Аида Камчыбековна, туурабы? Регламент бузулду, үч күн мурда документтер таратылышы керек эле. Бир вице-спикердин сунушу өтүп, экинчи вице-спикердики кирбей жатат", — деп нааразычылыгын билдирди.

Ал ошондой эле башка фракциялар тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлору шайлоого тиешелүү болгондуктан бардыгын бириктирип туруп кароо максатка ылайыктуу болмок деген пикирин айтты.

Бокоев ошондой эле мыйзам долбоору жазылып, комитетте каралгандан кийин 15 депутат демилгечи болуп кирип алганы боюнча маселени көтөрдү.

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Президент парламенттик шайлоо кандай шартта өтөрүн билдирди
"Мыйзамды жумушчу топ жазды деп ачык эле айттыңар. Мыйзам долбоору жазылып комитетке келип, палатага чыккандан кийин 15 депутат демилгечи болуп кирип жатат, бул жерде регламент бузулуп жатабы? Демилгечимин деп чыга бергенге моралдык акыңар барбы? Андыктан регламенттин нормасын бузбаш керек. Регламент — бул мыйзам. Ошондуктан бардык мыйзам долбоорлорун бир караганыбыз туура болмок", — деди ал.

Депутаттын айтымында, эгер азыр сунушталган мыйзамдын концепциясы кабыл алынып калса, мындан кийин сунушталган башка фракциялардын сунуштары каралбай калат.

Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков бардыгы мыйзамдын алкагында кетип жатканын, регламент бузулбаганын айтты. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТөрага Дастан Жумабеков
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун депутаттар жазган эмеспи? Талкуу - Sputnik Кыргызстан
Төрага Дастан Жумабеков

"Эч бир депутатка тоскоолдук болгон жок, ар бир депутат каалаган мыйзам долбоорун алып чыкса тоскоолдук болбойт. Ким тоскоолдук кылып жатат? Мыйзам долбоорлорун алып чыккыла, анын баарын палата чечет. Алдын ала өтпөй калат деп божомолдогон болбойт, антип бөлүнбөйлү. Элге, мамлекетке иштей турган мыйзам долбоору болсо аны алып чыгабыз, колдойбуз", — деди Жумабеков.

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Аида Касымалиева өзүнүн дарегине айтылган айрым сындарга жооп берди. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Аида Касымалиева
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун депутаттар жазган эмеспи? Талкуу - Sputnik Кыргызстан
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Аида Касымалиева

"Жумушчу топ дегенде эксперттерди гана элестетпешибиз керек. 2018-жылы президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн жумушка топко бардык тараптар кирген. Ичинде парламенттеги алты фракциядан алты депутат, парламентке келбеген партиялар, сот системасында жүргөндөр, өкмөттөн да өкүлдөр кирди. Биз жөн эле отуруп, башка эксперттер жазып демилгечи болуп эле кийин кошулуп калды деген туура эмес маалымат. Биз өзүбүз кошулдук. Регламент демилгечи катары кошулганга жооп берет", — деди Касымалиева.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Итоги президентских выборов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо мыйзамына кирчү 10 негизги өзгөртүү. Тизмеси жана түшүндүрмөсү
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаев 2, 3-окууда мыйзамдын ээси болуп комитет аныкталарын эскертти. Андан сырткары, 3-июнда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залында мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өтө турганын билдирди.

Эск салсак мыйзам долбоорунун демилгечилери Алмазбек Эргешов, Нурбек Алимбеков, Абтандил Кулбараков, Умбеталы Кыдыралиев, Урматбек Самаев, Улан Примов, Алмазбек Токторов, Тазабек Икрамов, Талант Мамытов, Тариел Жоробеков, Дүйшөн Торокулов, Абдывахап Нурбаев, Аида Исмаилова, Бактыбек Райымкулов, Айнуру Алтыбаева, Кожобек Рыспаев, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Турусбеков, Аида Касымалиева, Иса Өмүркулов, Алмазбек Батырбеков, Махабат Мавлянова, Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров Жыргалбек Турускулов.

Жаңылыктар түрмөгү
0