Жогорку Кеңешке мурдагы журналист депутат болуп келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Айтмамат Назаров "Улуттук энергохолдинг" мекемесине кеткенден кийин анын орду бош калган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаровдун ордуна партиянын тизмеси боюнча Айнура Аскарова келет. Бул маалыматты аталган фракциядан тастыкташты.

Эске салсак, Айтмамат Назаров "Улуттук энергохолдинг" мамлекеттик ишканасынын башкаруучулугунун жетекчи кызматына кетип, орду бошогон.

"Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча кезекте Айнура Аскарова 52инчи болуп турат.

Учурда Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясында жалпысынан 18 депутат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0