Министрликтен кеткен Мурашев картошкадан башка эмнеси менен эсте калды

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Министр сельского хозяйства Нурбек Мурашев
Министр сельского хозяйства Нурбек Мурашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жума ичинде өкмөттүн бир нече мүчөсү арыз жазып, кызматынан кетти. Алардын арасында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бар.

Мурашев отставкага 24-майда кетти. Министрлик кызматка ал 2016-жылы келген болчу. Мурашев отставкага кетүүсүнө ден соолугу жана коомчулукта ага карата айтылып жаткан сындар себеп болгонун айткан

Экс-министрдин айланасында болгон, элдин эсинде калган окуяларды Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп көрдү.

Мурашев өзү айткандай, ага коом тарабынан жана өлкө башчылары тарабынан бир катар сындар айтылган.

"Чоң муштум" депутат

2014-жылдын февраль айында Улуттук госпиталдын дарыгери ал кездеги депутат Нурбек Мурашев ага жумуш ордунан кол көтөргөнүн айтып, арыз жазган. Депутат сабаганын мойнуна албаганы менен экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер болгонун билдирип, кийин тараптар элдешкен.

Сбор урожая в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Картошканы эптей албай жатканда... Коңшулар экспорт боюнча дүйнө лидери болушту
Ал эми 2015-жылы шаардык кеңештин депутаты Кабылжан Кимсанбаев ага Мурашев кол көтөргөнүн айкан. Бирок Мурашев бул маалыматты жокко чыгарган.

2017-жылдын 15-октябрында Жалал-Абад ОИИБи Мурашевдин үстүнөн арыз түшкөнүн билдирген.

Маалыматка караганда, жалалабаддык К.М. аттуу жаран аны 15-октябрда Сакалды айыл аймагындагы №2186 шайлоо участогунун жанынан министр сабап салганын айткан.

Сөгүш алган министр

2018-жылы мартта Мурашев премьердин (Сапар Исаков) каарына калып, сөгүш алган.

Чириген картошка чыры

2018-жылы дыйкандар картошкасын сата албай бир топ убара тарткан болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков картошканын баасынан улам министрди сынга алган.

Мурашев 2018-жылы картошканын наркы 2017-жылга салыштырмалуу 5-7 сомго арзан экенин белгилеп, мурдагы жылы картошканын бир килограммы 8-10 сомдун тегерегинде болгонун билдирген. Ал ортодо аймактардагы дыйкандар картошкасын сата албай убара болуп жатканын айтып чыгышкан.

Министрлик картошканын баасы көтөрүлөт дегени менен олуттуу жылыш болгон эмес. 2019-жылдын башында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы министрдин иш бөлмөсүнө чириген картошканы алып барып, эмне үчүн бул жашылчанын баасы көтөрүлбөй жатканын сураган болчу.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жакында эле өткөн жыйында министрге "мындан ары чириген картошка кабинетке келбесин" деген талап коюп, эскертүү берген

Калппы же...

Айыл чарба министрлиги быйыл соянын баасы 120 сомго чейин чыгарын, дыйкандарды картошканын ордуна дал ушул өсүмдүктү өстүрүүгө үндөгөн. Бирок дыйкандар соянын базар баасы 26 сомдон ашпай турганын айтып, анын баасы 100 сомго чыгат дегенди укканда төбө чачтары тик турганын айтышкан

"Кара көлөчкө" татыган министр

Бизнес жана базарлар ассоциациясы Мурашевге "Кара көлөч" антисыйлыгын ыйгарган. Ага мындай сыйлыкты тапшырууга Кыргызстандагы ишкерлер арасында сурамжылоонун жыйынтыгы жана буга былтыр картошка экспорттолбой, баасы арзандап кетиши негиз болгон.

Белгилей кетсек, Мурашевдин артынан экономика министри Олег Панкратов да өз ыктыяры менен кызматынан кетти

Жаңылыктар түрмөгү
0