Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан кетти. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим бүгүн, 25-майда, партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан кетти. Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

"КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө кире тургандыктан Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагалыгынан кетти. КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодуранова бекиди", — деп айтылат маалыматта.

Заседание СДПК в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
КСДП Райым Матраимовдун кайрылуусуна жооп берди
Партиянын башка чечими менен Фарид Ниязов саясий кеңештин мүчөсү жана анын алдындагы туруктуу комитетке кирди.

Эске салсак, 16-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, экс-президент саясий же мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматтарды ээлей албайт. Ошондой эле саясий партиялардын башкаруу органдарында эмгектене албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0