БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Бир бол” фракциясы айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштай турганын Facebook баракчасы аркылуу жар салды.
Эл өкүлү премьер жаштарды колдоп берерине ишенерин белгилеген.
“Жаш, кесипкөй Тилек деген инибиз айыл чарба тармагында реформа жасайм, мекениме кызмат кылам деп билдирүү жасады. Үмүтсүздүк булуту каптап турган кезде Тилектин демилгеси бизди жандандырды. Андыктан “Бир бол” фракциясы премьерге айыл чарба министри кызматына Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайт”, - деди Сулайманов.
Эске салсак, мурдагы министр Нурбек Мурашев отставкага 24-майда кеткен. Ал бул кызматка 2016-жылы келген болчу. Мурашев отставкага кетүүсүнө ден соолугу жана коомчулукта ага карата айтылып жаткан сындар себеп болгонун билдирген.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.
Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.
Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.
"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанышы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.
Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл жергесинде +2…+7, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус болору кабарланды.
Күндүн табы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +10…+12 градус болот.