Өкмөттүн дагы бир нече мүчөсү кызматтан кетиши мүмкүн

Жазылуу
Бир жуманын ичинде беш ири чиновник кызматтан кетти. Анын төртөө — өкмөт мүчөлөрү.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындан ары деле өкмөттүн иштей албаган мүчөлөрүн кызматтан ала бермекчи. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, Абылгазиев министрлер менен ведомство жетекчилеринин алдына конкреттүү маселелерди коюп, жыйынтыгын талап кылат.

"Өкмөт мүчөлөрүнүн жеке жоопкерчилиги бар. Эгер премьер алардын аракетин жетишерлик эмес деп тапса, тийиштүү жыйынтык чыгарат. Жетекчилердин жакшы иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, саясий колдоо жетишерлик. Мындан улам премьер жакшы натыйжа бербеген жетекчинин кызматтан кетишин негиздүү деп эсептейт", — деди Султаналиев.

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда
Ал аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү үчүн премьер-министрдин саясий жоопкерчилик тартарын өкмөттүн ар бир мүчөсү жакшы билерине токтолду. Муну менен бирге өкмөт башчы конституциялык укуктарын мындан ары да пайдаланары баарына маалым.

"Чечимдин баары толук анализ жүргүзүлгөндөн кийин, буга чейинки жасаган эмгегине, кайсы партияга мүчө экенине, саясий көз карашына карабастан кабыл алынат", — деди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, акыркы жума ичинде өкмөттүн төрт мүчөсү жана өкмөт аппаратынын жетекчиси кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0