Спикер Жумабеков айтыша кеткен депутаттар менен мамилеси тууралуу айтты

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин парламент төрагасы менен депутат Алтынбек Сулайманов жыйын учурунда айтыша кетип, "...жаш баласыз, сиздин үнүңүз мага жетпейт" дегенге чейин барган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Парламент жыйындарында депутаттар каяша айтканда өзүмдү токтоо кармоого аракет кылам. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунда куруп жаткан маеги учурунда айтты.

"Парламенттин табияты ушундай, өлкө тагдыры үчүн депутаттар талашып-тартышып, кер-мур айтышат. Мен муну түшүнүү менен кабыл алам. Анүстүнө ар бир адамдын өз кыялы бар дегендей. Бирок кайсы бир чекке жеткирип койгондо байкабастан ар кандай сөздөр чыгып кетиши мүмкүн. Андай учурда мен өзүмдү колдон келишинче токтоо кармоого аракет кылам", — деди төрага.

ЖК депутаты Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина парламент аны юбилейи менен куттуктабаганына таарынды. Видео
Ошондой эле төрага парламентте иштин кызыкчылыгы үчүн пикир келишпей, айтыша кеткен кесиптештерине кек сактабай турганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин парламент төрагасы менен депутат Алтынбек Сулайманов жыйын учурунда айтыша кеткен. Эл өкүлү Жумабековдун регламентти бузуп жатканын айтып, спикердин жообуна "Дастан Артисбекович, кыйкырбаңыз. Мага кыйкырганга али чоңоё элексиз, жаш баласыз, кечирип коюңуз. Сиздин үнүңүз мага жетпейт" дегенге чейин барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0