Парламентте Абылгазиев өзү алып келген кадрлар качып кетип жатканы айтылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаОтчет премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Жогорку Кенеше
Отчет премьер-министра  Мухаммедкалыя Абылгазиева в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өкмөт башчы алып келген 17 министрликтин 12си алмашканын билдирди.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү алып келип сунуштаган кадрлар качып кетип жатат деген пикирин айтты.

Бул туурасында ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Комитетке мүчө депутаттар кезектеги жыйында экономика министринин ордуна Санжар Мукамбетовдун талапкерлигин карап, аны жактырды.

Абдылдаев премьер Абылгазиев өкмөткө 17 министр менен келгенин, учурда алардын 12си алмашканын айтып, бул көрүнүш премьердин ишине көлөкө түшүрөрүн айтты.

"Бул министрлердин үчтөн экисинен көбү алмашты деген сөз. Өзүңүз алып келген кадрлар өзүңүздөн качып кетип, иштей албай жатканы сизге дагы чоң минус алып келип жатат. Сиз кайта-кайта эле бирөөлөрдү алып келе бересиз, аларыңыз кайра эле кетип калат", — деди Абдылдаев.

Экономика министрлигине талапкет Санжар Мукамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри болом деген Санжар Мукамбетовду комитет колдоду
Эл өкүлү андан сырткары премьер өз сөзүндө азыркы сунуштап жаткан талапкерлерин "тарбия көргөн" деп сыпаттаганына токтолду.

"Тарбия көргөн" деген жакшы сөз айттыңыз. Анда унчукпагандарды чогултуп албайсызбы? Унчукпагандар — тарбия көргөндөр, унчуккандар — эл үчүн, жери үчүн күрөшөм дегендер. Алар эч качан моюн сунбайт, алар идеясы өтпөсө анда "билгениңерди кыла бергиле" деп арызын таштап туруп кетип калышат", — деди ал.

Ал эми премьер Абылгазиев бир да министр качып кетпегинен айтты.

"Эч ким качып кеткен жок. Бирөө да жөн кетпейт. Аларга жетишпеген жактарын айтабыз, иштин болбой жатканын айтабыз, ошондо алар өздөрү чечим кабыл алып жатат", — деди ал.

Абылгазиев андан сырткары азыркы заманда министр кызматынан жөндөн жөн эле бошонуп кеткендер аз деген оюн кошумчалады.

Белгилей кетсек, акыркы жума ичинде өкмөттүн төрт мүчөсү жана өкмөт аппаратынын жетекчиси кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0