Депутаттар элчиликке сунушталган Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдоду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФлаг Великобритании
Флаг Великобритании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар эки өлкөгө элчиликке сунушталган талапкерлерди колдоп берди.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети эки чет өлкөдөгү элчиликке сунушталган талапкерлерди жактырды.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов - Sputnik Кыргызстан
Жашыруун маалыматты ачыктап салган. Эдил Байсалов тууралуу 6 факт
Талапкерлерди тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тааныштырды.

Комитет Эдил Байсаловду Улуу Британия менен катар эле Түндүк Ирландиянын элчиси кылып дайындоого макулдугун берди.

Ошондой эле комитет мүчөлөрү Кыргызстандын Белоруссия менен катар эле бир учурда Латвиядагы, Литвадагы жана Эстониядагы элчиси катары Эрмек Ибраимовдун талапкерлигин жактырды. Элчиликтин резиденциясы Минскиде жайгашкан.

Эми алардын кызматка киришүүсү үчүн президент Жарлыкка кол коюшу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0