Абылгазиев: кесипкөй, реформатор жетекчилерди сунуштап жатам

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эки министр, өкмөттүн аппарат башчысы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилиги шайланат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлүгүнө дайындала турган талапкерлерди депутаттарга тааныштырды.

Ал бул кызматтарга кесипкөй, чечкиндүү реформага бара турган жетекчилерди сунуштаганын белгиледи.

"Өкмөткө келип жаткан министр же жетекчи коомдун алдында жоопкерчилигин билүүгө тийиш. Бул туурасында мен бир нече жолу айттым. Ошон үчүн келип-кетүүлөр көп болуп жатат. Мындан ары да сын көз караш менен талап коёбуз. Эгер жетекчи демилге көтөрбөсө, берилүү менен күйүп иштебесе, ал андан ары ишти алып кете албайт деп ойлойбуз. Учурдун негизги маселеси — экономикадагы инвестиция, экспорт, социалдык тармактарда айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү", — деди Абылгазиев.

Соңунда өкмөт башчы депутаттардын сунуштарын эске алуу менен ушул талапкерлерди көрсөткөнүн айтып, колдоп берүүнү суранды.

Талапкерлердин тизмеси:

Өкмөт имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн дагы бир нече мүчөсү кызматтан кетиши мүмкүн
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуев (учурда айыл чарба министринин орун басары);

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоев (учурда КР президентинин кеңешчиси);

Өкмөт аппаратынын министр рангындагы жетекчилигине Самат Кылжыев (учурда өкмөт аппаратынын Финансы жана насыя саясаты бөлүмүнүн жетекчиси);

Экономика министри кызматына Санжар Мукамбетов (Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы).

Жаңылыктар түрмөгү
0