Депутат Ормонов: министрлердин ордуна орун басарларынын келгени эӊ туура

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК от фракции "Бир бол" Улукбек Ормонов
Депутат ЖК от фракции Бир бол Улукбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн ою боюнча, бул чечим орун басарларга министр болууга стимул болот.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Депутат Улукбек Ормонов айыл чарба министри кызматына орун басары Эркин Чодуевдин сунушталышы эӊ туура чечим болгонун айтты.

Бүгүн праламентте эки министр, өкмөттүн аппарат башчысы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин талапкерлиги каралууда.

"Урматтуу премьер-министр, Айыл чарба министрлигине орун басарын сунуштаганыӊызды эӊ туура чечим деп ойлойм. Анткени орун басарларда "министр болом" деген стимул болушу керек. Санжар мырза жөнүндө эч кандай жаман оюм жок, бирок Экономика министрлигинде дагы жакшы орун басарлар бар экен. Аны да карап койсоӊуз аябай жакшы болмок. Бүгүнкү талапкерлерге ийгилик каалайм", — деди Ормонов.

Ал эми «Эки министр өз ыктыяры менен кеттиби же сиз кетирдиӊизби?» деген суроого премьер Мухаммедкалый Абылгазиев "алар кооомчулуктун сынын эске алып, өз жоопкерчилигин сезип өздөрү кеткенин» айтып жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0