Абылгазиев Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин эмнеге жактырбаганын айтты

© Фото / предоставлено Тилеком ТоктогазиевымИнтервью с молодыми успешными предпринимателями Кыргызстана
Интервью с молодыми успешными предпринимателями Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш ишкер Тилек Токтогазиев өзүн Айыл чарба министрлигине талапкерлигин сунуштап, коомчулуктан колдоо тапкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба министрлигине жаш талапкердин колдоо таппай калышы боюнча жооп берди.

Депутат Жанар Акаев коомчулук сунуштаган Тилек Токтогазиевди эми душман көрбөстөн, өзүнө тартып келечектеги кадр катары алып чыгууну сунуштаган.

"Жаш мекендешибизди Кубатбек Боронов чакырып сүйлөштү. Аны дагы тажрыйба топтосун дедик. Эми анын билимин айыл чарба жана башка тармакта колдонууга даярбыз", — деди өкмөт башчы.

29 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев буга чейин айыл чарба министри кызматына өз талапкерлигин көрсөтүп, реформа жүргүзүү убадасы менен коомчулуктан колдоо тапкан. Жаш талапкерди "Бир Бол" фракциясы да колдоп, өкмөт башчыга сунуштаган болчу.  

Бирок Абылгазиев Айыл чарба министрлигине орун басар болуп иштеп жаткан Эркин Чодуевди алып келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0