Депутат Абылгазиевдин командасын сындап, бажасы менен кайнежесине кызыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Максат Сабиров. Архив
ЖК депутаты Максат Сабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда бир жылдын ичинде тогуз министр, үч комитеттин төрагасы алмашкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Депутат Максат Сабиров өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден команда түзүү боюнча былтыр берген убадасын эмнеге аткарбаганын сурады.

Анын айтымында караганда, Кыргызстанда бир жылдын ичинде тогуз министр, үч комитеттин төрагасы алмашкан.

"Былтыр шайланып жатканда жаӊы жылга чейин командамды түзөм деп убадаладыӊыз эле. Эмне үчүн алып келген жоксуз? Мурда ушул команда менен иштеп кетериӊизди, баары тажрыйбалуу экенин айткансыз. Кайра алмаштырып жатасыз. Эртеӊки күнү буларды да кетирбейсизби?" — деди Сабиров.

Ага жооп берген премьер өкмөттүн структурасын талкуулап жатканын, кайра-кайра алмаштыра бергенден пайда чыкпай турганын белгилеп, эми ушул команда менен реформа жасоого сөз берди.

Сабиров ошол эле учурда Абылгазиевдин бажасына, кайнежесине акча которулганы боюнча бир топ сын-пикир айтылганын эскертип: "Ушундан кийин иштегенге моралдык укугуӊуз барбы?" - деп суроо салды.

Совещание по вопросу реализации программы Ала-Тоо булагы - Sputnik Кыргызстан
Премьер Абылгазиевдин бир туугандары: журналист, кароолчу, мурап. Тизме
"Алар тууралуу айтып мени бай кылышты, миллионер экенмин. Текшерүү жыйынтык чыгарып берсин. Эгер "бажам менен баласын кызматка аласыӊар" деген бирөөнүн сөзү болсо мага айтсын. Моралдык жоопкерчилик тартам", — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, "КТ Мобайлдын" жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени ачыкталган. Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болду. Аталган чырдын айланасында депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кийинчерээк бул ишти өкмөт башчынын бажасы тескеп жүргөнү айтылып, чоӊ талкууга жем таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0