Депутат Исхак Масалев. Архив

Масалиев премьер Абылгазиевге: ушул чырдан кийин кетип калсаӊыз болмок

205
(жаңыланган 14:24 29.05.2019)
Депутат "КТ Мобайл" чырын эске салып, өкмөт башчынын моралдык укугу тууралуу кеп кылды. 

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Депутат Исхак Масалев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кызматтан кетүү кезеги келди деген оюн ЖКдагы өкмөт жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин карап жатканда айтты.

Эл өкүлү бир жылдын ичинде өкмөт башчы 9 министр, 3 ведомствонун жетекчисин иштен алганын белгиледи.  "Апрелде комитетке өкмөттүн курамын алып келем деген сөзүӊүздү аткарсаӊыз мындай болбойт эле. Экономика менен айыл чарба министрин сындап кетирдиӊиз. "КТ Мобайл" боюнча чырга байланыштуу сизге айтылган жаман сөздөрдү күтпөй, арыз жазып кетип калсаӊыз жакшы болмок. Андай кадамга барган жоксуз. Коалициялык көпчүлүк ушул маселени караса да жакшы болмок", — деди Масалиев.

Ага жооп берген премьер фейк маалыматтарга таянып, өкмөттү башкаруу туура эмес болот деп жооп берди. 

"Ал жерде депутаттык комиссия иштеп, маалыматтын баарын тактап жатат. Коомубузда бири-бирибиз жөнүндө жакшы айткандар аз болууда.  Ар бир айткан нерсе боюнча фейк маалыматтарга таянып жыйынтык чыгарып мамлекет башкарсак, туура эмес болуп калат. Премьер-министрдин күнөөсү болсо айтат, анда өзүм чечим чыгарам. Негизи жок болсо, сиздер калыс баа бересиздер деп ойлойм", — деди Абылгазиев.

Соӊунда Масалиев эгер өкмөт башчынын күнөөсү болсо жоопко тартылыш керектигин белгилеп, анын моралдык жоопкерчилиги боюнча сураганын эскертти.

205
Белгилер:
отставка, Мухаммедкалый Абылгазиев, Исхак Масалиев, депутат, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Депутат суроого тың жооп бере албаган талапкерлерге нааразы болду