Депутаттар ызы-чуу түшүп жатып министр болчуларды жапырт колдоп беришти

Жазылуу
Талапкерлерди премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматына Самат Кылжыевди, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды.

Алардын талапкерлигин бүгүн, 29-майда, депутаттарга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

Эркинбек Чодуев — 101 добуш, каршы жок;

Самат Кылжыев — 102 добуш, каршы жок;

Санжар Муканбетов — 106 добуш, каршы жок;

Дастан Догоев — 105 добуш, каршы жок.

Эске салсак, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан бошогон. Ал эми айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов 24-майда иштен кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0