Момбеков: "бажа гейт" аяктай электе "бажы гейт" чыкты

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өкмөт алты айда жасай албаган нерсени журналисттер алты саатта жасап койгонун айтты.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында "дейт" менен "гейттин" аягы тыйылбай, бир чуулгандуу иш аяктай электе, экинчиси чыгып жатканына токтолду.

"Кыргыздардын "дейт" деген сөзү менен англичандардын "гейт" деген сөзүнүн эч кандай айырмасы жок экен. Кыргыздарда укмуштуу кабарды "дейт" десе, англичандар "гейт" деп чуулгандуу кабарды айтат экен. Биз эки жума мурун "бажа гейт" деген балакетке кабылдык эле. «Акчанын майдасы тыйын болот, атасынан баласы кыйын болот» деп өкмөт башчынын бажасы байлыкта отурганы, баласы айлыкта отурганы билинип калып, өкмөттө комиссия түзүлүп, иш алып барып жаттык эле. Ал иш аягына чыга электе, кечээ, "бажы гейт" деген балакет башталып кетти", — деди эл өкүлү.

Финансы полициясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол Райым Матраимовдун "мыйзамсыз байыган" фактысы боюнча текшере баштады
Момбеков, андан сырткары, аткаруу бийлиги алты айда жасай албаган ишти журналисттер алты сааттын ичинде жасап койгонун белгиледи.

Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөн иликтөө жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчалары тууралуу баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0