Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Дели шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Жээнбеков Нью-Делиде Нарендра Моди менен жолукту

105
(жаңыланган 11:10 31.05.2019)
Жээнбеков 30-май күнү Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн барган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Дели шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Жээнбеков 30-май күнү Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн барган

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочего визита в Республику Индия, встретился с премьер-министром Индии Нарендрой Моди. 30 мая 2019 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Дели шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Жээнбеков Нарендра Модини "Бхаратия Джаната парти" партиясынын парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши жана өзүнүн премьер-министр болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

"Шайлоолордун жыйынтыгы сиз жүргүзгөн олуттуу реформаларга жана аткарып жаткан маанилүү иш-чараларга Индия элинин көрсөткөн чоң ишенимин далилдейт. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара ишенимдүү кызматташтык үзгүлтүксүз бекемделет деген ишенимдемин" — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал Модини Кыргызстанда иш-сапары менен күтүп жатышканын эске салып, визит жогорку деңгээлде, жемиштүү жана ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Индия өкмөт башчысы куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Индия дос өлкөлөр экендигин баса белгиледи.

105
Белгилер:
жолугушуу, Нарендра Моди, Сооронбай Жээнбеков, Индия
Тема боюнча
Кыргызстан бажы төлөмдөрүн жашырып келеби? Жээнбековдун ЕАЭБ саммитиндеги сөзү