Абылгазиев "Матраимовдордун изи" тууралуу фактыларды текшерүүнү тапшырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы УКМК, Финпол жана Улуттук банкка чогуу-чаран териштирүү талабын койду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал "КТ Мобайл" компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Атап айтканда, өкмөт башчы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматына, (УКМК АКК) Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Улуттук банк менен биргеликте журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды дыкат текшерүүнү тапшырды.

"Премьер-министр мурдараак Финполго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү жана коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырганын эске салды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөө жасап, бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөнүн жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчасы баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0