Жогорку Кеңештин вице-спикери Барак Обама менен жолукту. Сүрөттөр

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүВторое рабочее заседание участников саммита "Группы двадцати"
Второе рабочее заседание участников саммита Группы двадцати - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Обама кандай адам экенин дагы сыпаттап берген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Барак Обама менен жолукту. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

АКШнын экс-президенти менен ЖК депутаты Канаданын борбору Оттава шаарында өтүп жаткан "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү (OGP) эл аралык демилгесинин глобалдык саммитинде жолуккан.

"Барак Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коёюн дедим. АКШнын экс-президенти азыр Канаданын Оттавасында өтүп жаткан Ачык өкмөт өнөктөштүгү глобалдык саммитинин алкагында Аргентина, Эстония, Украина, Кения, Ооганстан, Канададан келген жаш лидерлер менен жолугуп, баарлашты. Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, баарыбызга атыбыздан кайрылды. Ал ар бирибизди өмүр бою билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп!" — деди Касымалиева.

Депутат Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: өкмөттүн мүчөлөрүнө тарбиялык саат өтүү керек
Эл өкүлү ошондой эле саммитте лидер айымдар тууралуу тасма көрсөтүлгөнүн билдирип, алардын арасында өзү дагы бар экенин кошумчалаган.

"Кыргызстандын атынан баруу мен үчүн сыймык болду. Ал жактан Ачык парламент боюнча бизде жасалып жаткан аракеттерди айтып бердим", — деди вице-спикер.

Касымалиева ошондой эле Ачык парламентти иштеп чыгууга катышкан Жогорку Кеңештин жумушчу тобуна ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0