Искендер Матраимов байлыкка кантип жеткенин айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Искендер Матраимов
Депутат ЖК Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келгенин моюнга алды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 5-каналдагы 700 миллион доллардын Кыргызстандан чыгарылышы боюнча уюштурулган "Ой бүгүн" программасында өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүргөнүн айтты.

Депутатка "мамлекеттик кызматта иштебесеңиз, азыркыдай байлыкка кантип жеттиңиз" деген суроо берилген.

Матраимовду эч нерсе кыла албадыңар! Сурабалдиеванын Финполго жинденген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Матраимовду эч нерсе кыла албадыңар! Сурабалдиеванын Финполго жинденген видеосу
Ал өзү өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегени менен жубайы 1995-жылдан бери ишкер экенин белгиледи. Мындан сырткары, "Исмаил ата" кайрымдуулук фондусуна келип түшкөн каражат кайрымдуу кишилердин которгон акчасы экенин айтты.

Матраимов бул акчага футбол аянтчалары, мечиттер курулуп, социалдык абалы начар болгон 76 баланын жогорку окуу жайдагы келишим акчасын төлөп жатканын билдирди.

Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөө жасап, бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөнүн жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчасы баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0