Депутат Искендер Матраимов. Архив

Матраимов Маммүлктүн экс-жетекчиси Бахапованын күйөө баласы эмеспи? Өзү эмне дейт

1401
(жаңыланган 15:54 04.06.2019)
Буга чейин бир катар ЖМКларда депутат Искендер Матраимовдун кайненеси Маммүлк комитетинин мурдагы жетекчиси Санабар Бахапова экени айтылып келген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Депутат Искендер Матраимов Мамлекеттик мүлк комитетинин мурдагы жетекчиси Санабар Бахапованын күйөө баласы эмес. Бул тууралуу эл өкүлү өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Редакция акыркы учурда коомчулукта катуу талкууланып жаткан "миллиондор" маселесинен улам аты көп атала баштаган жубайы Минавар Жумаева тууралуу билүү үчүн депутаттын өзүнө кайрылган. Маек учурунда Матраимов ЖМКларда жазылып жүргөндөй, Санабар Бахапова анын кайненеси деген маалымат туура эмес экенин айтты.

"Санабар Бахаповна менин кайненем эмес, болгон да эмес. Жубайым Минавар ал кишинин кызы эмес. Болгону ал киши менен бир кезде чогуу иштегенбиз. Журналисттердин мени Санабар Бахаповнанын күйөө баласы деп айтып жатканы чындыкка дал келбейт", — деди Матраимов.

Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөө жасап, бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөнүн жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчасы баяндалат. Ошондой эле иликтөөдө Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаеванын бир нече бизнеске ээлик кылары тууралуу айтылган.

1401
Белгилер:
Минавар Жумаева, Санабар Бахапова, күйөө бала, кайнене, Искендер Матраимов
Тема боюнча
Искендер Матраимов байлыкка кантип жеткенин айтты
"Райым миллиондун" Финполдогу иниси кызматынан кетти
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

КРдин мурунку жарандары менен алардын балдарына өзгөчө укуктар берилди. Жаңы мыйзам

0
Мыйзамдын максаты — мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укугу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда

"Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу" деген түшүнүк киргизилүүдө, башкача айтканда, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар "мекендеш" макамын алууга укуктуу. Ал төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

  • мурда КР граждандыгында турган чет өлкөлүктүн балдары же неберелерине;
  • мурда КР жараны болбой, кийин жарандык алган адамдардын балдарына жана неберелерине;
  • Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине;

Баса, мекендеш макамы Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылбайт.

Мекендеш макамындагы жарандарга берилчү артыкчылыктар:

  • чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер визасыз эле өлкөгө кире алат;
  • эмгек визасын, жумушка уруксат албастан ишканаларда, мекеме-уюмдарда иштөөгө же башка эмгектин түрү менен алектенүүгө укуктуу;
  • мыйзамдарда каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн КР граждандары менен бирдей шарттарына укуктуу;
  • эгерде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мураскери болуп саналса, ал жер участогуна карата укугу пайда болгон учурдан тартып он жылдын ичинде аны КР жаранына берүүгө милдеттүү.

Кыргызстан жаран макам укук мыйзам

0
Тема боюнча
Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок. Себеби
Беларуссия полиция кызматкерлери Минск шаарында бир адамды кармап жатат

Минскидеги шайлоодон кийинки башаламандык. Жабыркагандар бар. Видео

204
(жаңыланган 04:11 10.08.2020)
Жекшемби күнү Белоруссияда президенттик шайлоо өткөн. Ага беш талапкер, анын ичинде азыркы президент катышкан.

БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Белоруссиянын борборундагы "Минск – баатыр шаар" стеласынын жанындагы Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратууда кулак тундуруучу гранаталар колдонулду. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.

"Ал жерде жарадар болгон адамдарды көрүүгө болот, алардын жараатын таңып жардам берип жаткандар да бар. Ондогон адамдардын кармалгандыгы айтылууда", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Белоруссияда мамлекет башчыны тандашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныган. Алардын маалыматында, жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Белоруссия: президенттик шайлоодо Лукашенко алдыда. Exit poll, БШКнын жыйынтыгы

Ал эми БШК кечке жуук Лукашенко добуштардын 82 пайызын алгандыгын билдирген.

Андан көп өтпөй Минск жана Витебск шаарында тартип коргоо кызматкерлери президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан адамдарды кармап, автобустарга сала баштагандыгы айтылган.

204
Белгилер:
нааразычылык акциясы, президенттик шайлоо, Белоруссия
Тема боюнча
Капа болом. Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышат