Өкмөткө көлөкөсүн түшүрдү. Абылгазиев Абдраимовдун кылыгы тууралуу

Жазылуу
Өкмөттүн Чүйдөгү өкүлү жоругу үчүн кечирим сурабай турганын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун Akipress агенттигинин журналистине жасаган мамилесине пикирин билдирди.

Өкмөт башчы жогорку кызматта иштеген аткаминер менен журналисттин ортосунда болгон окуяга өкүнөрүн айтып, мындай жагдай жалпы аткаруу бийлигине көлөкө түшүрөрүн белгилеген.

Премьердин маалымат катчысы Адилет Султаналиевдин айтымында, өкмөт башчы мамлекеттик орган жетекчилеринен ачык-айкын иштөөнү талап кылат.

"Премьер ушундай иш менен гана бийликке жана анын кабыл алган чечимдерине болгон элдин ишенимин жогорулатууга мүмкүн экенин дайым айтып келет. Бул өзгөчө коомдун көйгөйүн көтөрүп келген ЖМК өкүлдөрүнө болгон мамилеге тийиштүү", — деди Султаналиев.

Абылгазиев Абдраимовдун аракеттерине окуянын чоо-жайын толугу менен билгенден кийин баа бере турганын билдирген.

ЦИК: в голосовании участие приняли 1 млн 557 тысяч избирателей  - Sputnik Кыргызстан
Кечирим сура сөзүңө! Элдин Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгына болгон нааразычылыгы
Белгилей кетсек, 5-июнь күнү Сокулуктун Орок айылында Айт намаздан кийин жаңжал чыгып, балдар мушташа кетишкен. Окуя болгон жерге келген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Akipress агенттигинин кабарчына: "Келбетиңиз жакпайт, ошон үчүн сурооңузга жооп бербейм",- деп каткырган боюнча басып кеткен.

Эртеси, 6-июнда, журналисттердин жоон тобу өкүлчүлүккө барып, Абдраимов менен жолугушуп, сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок облус жетекчиси көпкө чейин чыкпай жатып, акыры жолугушууга макул болгон. Бирок ал келеке уккан журналисттен кечирим сурабай турганын жана кылганына өкүнбөй турганын айтып, залдан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0